Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Азербайжанда куш ылаңы бар экени ырасталды


Азербайжанда куштар канаттуунун сасык тумоосунан өлгөнү ырасталды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, британиялык адистер бул коркунучту вирусту Каспий деңизинин жээгинде кыштоочу келгин куштардын канынан табышкан. Учурда үй-канатууларынын каны анализден өткөрүлүүдө. Өлкөнүн ветеринардык кызматынын орун басар директору Эмин Сахбазов "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды билдирди.

-Бакуда чет өлкөлүк эксперттер, анын ичинде БУУнун азык-түүлүк прогрммасынын, АКШнын өкүлдөрү иштөөдө. Башка өлкөлөрдөн адистердин келүүсү күтүлүп жатат. Биз баарыбыз биригип, аракеттенүү планын талкуулайбыз. Бул - Азербайджандын өкмөтү үчүн оор сыноо жана биз зарыл иш –чаралардын баарын жасайбыз.

Азербайжан Түркия менен чектешет. Түркияда өткөн жылдын соңу, быйылкы жылдын башында куш ылаңы жайылып, аны канаттуулардан жуктурган төрт өспүрүм бала мерт болгон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG