Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

ДИКТАТУРАНЫ УРАТЫП ЭРКИНДИК АЛЫП КЕЛГЕН ГОРБАЧЕВДУН ДЕМИЛГЕСИ ЖАНА ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы СССРдин бирден бир президенти Михаил Горбачев 2 мартта 75 жакша чыкты. Орусиялык агенттиктер белгилегендей, кайра куруу жана адилеттүүлүк демилгечиси өз мааракесин чакан чөйрөдө өткөргөн. Чет өлкөлүк коноктордон Алманиянын мурдагы тышкы иштер министри Ганс-Дитрих Геншер менен ал өлкө мурдагы канцлери Гелмуд Кол келишкени айтылууда. Дүйнөдө тынчтык орнотуу жагдайда кошкон ири салымы үчүн Михаил Горбачев 1990 жылы Нобел сыйлыгы менен сыйланган. Саал кийинчерээкте эки лагерге бөлүнгөн немистердин биригүүсүнө кошкон салымы үчүн ал элдин «Кылым немиси» наамын алган. Горбачев азыркы тушта өзүнүн атындагы социалдык-экономикалык жана саясий изилдөө корун жетектейт. Атактуу кайра куруу жана акыйкаттуулук демилгечисинин саясий жана коомдук ишмердүүлүгүнө Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев токтолот

Ишемби күнү REN TV аркалуу Михаил Горбачев тоюна чакырып аткан кишилер бири – мурда өзү менен саясий бюродо бирге иштеген Егор Кузьмич болорун маалымдады. Ошол эле учурда тоюна Орусия биринчи президенти Борис Ельцинди чакырбашын да айтты. Андан бир ай мурда (1-февралда – ММ) орусиялык мурдагы лидер Ельцин да мааракесин өткөрүп, ал да сыналгыдан 1991-жылкы путчка катыштыгы бар деп Гробачевду кинелеген болуучу. Ал кезди башынан өткөргөндөр айтканга караганда, ал жылы совет элинин турмушунда каатчылык артып жагдай бийликтин колунан чыгып кеткени турган. Путч чыгарына көзү жетсе да Горбачевдун бүлөсүн алып эс алганы түштүккө кетишин саясий талдоочулар анын кыйыр түрүндө болсо да путчка колдоо көргөзүшү болгон деп баалашууда. Ельцин болсо: «путч жеңгенде Горбачев мамлекетке башка түзүлүш киргизип андан ары да башкарып калмак», -дейт.

Эксперттер: «Горбачев ал кездеги партиялык элитанын кыйласына таянып иш кылган, алар болсо аны жаңы багытка алып чыгат деп колдоо көргөзгөн. Алардын бири мурдагы Сталиндин оң колу – Молотов эле», - дешет. Бирок тоталитардык жолдо өнүгүүнү мурдагы генсек жактырбашын анын ишембиде азыркы бийлик тирегине айланган «Бирдиктүү Орусия» тууралуу айткан кебинен түшүнсө болот:

«Бирдиктүү Орусия» партиясына – куду КПСС сыңары жаңы партияга ставка жазоо – бул келечексиз иш», - дейт Горбачев мырза.

Эмнеси болсо да ал жылдары Орусияда Горбачевду жаман көрбөгөн төбөлдөр болгон эмес дешет. Коммунисттер, улутчулдар аны СССРди тыйпыл кылды деп, ал эми либералдар ал жүргүзгөн саясат элди ачарчылыкка алып келди, Тбилиси, Бакы, Вилнюс жана Ригадагы кандуу кагылыштарга дуушар кылды деп айыптаган экен.

Чын эле 1996-жылы жаңы Орусияда президентти тандоо болуп атканда ага Горбачев да ат салышып, бирок 1,5 гана пайыз добуш чогулта алган. Ошондон кийин анын саясий жана коомдук иштен оолактай баштаганы байкалган.

Ошол эле учурда Батыштын мурда да азыр да Михаил Горбачевго мамилеси жакшы бойдон. Мунун себебин Гарвард университетинин профессору Ричард Пайппс айтат:

«Ал (Горбачев – ММ) жана Ельцин бирдей салмакта Орусия менен Чыгыш Европада коммунизмдин таркашына салым кошушту. Ошондон соң Батыштын тарыхында чындыгында жаңы доор башталды», - дейт америкалык тарыхчы «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

Горбачевду аны жараткан доордон бөлүп кароо – ал кошкон салым баалуулугун азайта тургандыгын Улуу Британия мурдагы премьери Маргарет Тэтчер айткан.

«Биздин эч кимибиз, эч убакта жазап көрбөгөн - диктатурадан эркиндикке карай кадам жазап атканын ал (Горбачев – ММ) түшүнгөн», - деген Би-би-сиге айткан пикиринде.

Кай бир анализчилер айтканга караганда «өзүнө орусиялыктар көбү эмдигиче нааразы экенин Горбачев түшүнөт».

Кызык жери, Горбачевдун эмгек китепчесинде «ал президенттик орунду ээледи» деген жери жазылып, «ал президенттик орунду бошотту» деген жери толтурулбай жүрөт дешет.

XS
SM
MD
LG