Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

А. ЛУКАШЕНКО ҮЧҮНЧҮ МӨӨНӨТКӨ БИЙЛИКТЕ КАЛДЫ


Жекшемби күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын-ала маалыматы боюнча, азыркы президент Александр Лукашенкону шайлоочулардын 82,6 пайызы колдоду. Биргелешкен оппозициянын талапкери Александр Милинкевич үчүн шайлоочулардын 6 пайызы, калган эки талапкер үчүн 3,8 пайыз шайлоочу добуш берген.

Өлкө борбору Минскиде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү менен, жекшемби күнү кечинде оппозициянын тарапкерлери борбордук Октябрь майданына агылып чыгышты.

Алар шайлоо адилет өтпөгөгөнүн айтышып, “Узак жаша Беларус!” деп кыйкырып жатышты. Айрым маалыматтар боюнча, нааразылык акциясына чыккан адамдардын саны 10 миң чамалуу болду.

Демонстранттардын бири 12 жыл президенттик кылган Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгына карабастан, бийликтен кетиши керек деп санайт:

- Конституция бардык адамдар үчүн бирдей. Башмыйзамды өзгөртүүгө ага (Лукашенкого) эч ким уруксат берген эмес. Эки мөөнөт отурдуңбу, кет эми.

“Азаттыктын” кабарчысы Александр Лукашуктун билдиришинче, көчөгө чыккан миңдеген адамдардын көбү жаштар:

- Аянтта эл таңкаларлыктай көп. Жаштар да аябай көп. Бул жерде өтө жаш жана сулуу жүздөрдү көрөсүз. Бул жерде ак-кызыл - ак өңдүү желектер, Украинанын сары - көк туусу, Евробримдиктин жана “Зубр” кыймылынын желектери желбирейт.

Кабарчынын айтышынча, коопсуздук күчтөрү менен демонстанттар ортосунда эч кандай кагылышуу болгон жок.

Биргелешкен оппозициянын талапкери Александр Милинкевичтин айтымында, ал демократиялуу өлкөлөр шайлоону мыйзамсыз деп жарыялай турганынан эч күмөн санабайт жана Россияда да шайлоону калыс өтпөдү деп айтчу саясатчылар бар деген үмүттө.

Анын сөзүнчө, президенттик шайлоо кайра өткөрүлүш керек:

- Атуулдук каршылашуу шайлоону кайра өткөрүү менен жөнгө салынышы мүмкүн жана шайлоо комиссиясына бардык талапкерлердин өкүлдөрү кириши абзел.

Ал эми Милинкевичтин шайлоо штабынын башчысы Сергей Калякин өлкөнү эки мөөнөт башкарган Александр Лукашенко дагы беш жылга президент боло албайт деген пикирде:

- Кандай болгондо да Лукашенконун дагы бир мөөнөткө Беларус Республикасынын президенти болуусу мыйзамсыз. Ал бул шайлоого мыйзамсыз катышты. Шайлоого мыйзамсыз катышкан адам, шайлоонун жыйынтыгына карабай, мыйзамдуу президент боло албайт.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоочулары Белорустагы шайлоого баасын бүгүн (дүйшөмбү күнү) билдиришет.

Ага жараша Евробиримдик менен АКШнын бийлиги ырасмий билдирүү жасашат. ЕБ менен АКШ беш жыл мурдакы шайлоодон кийин Беларустагы өнөктүккө жооптуу айрым чиновниктердин, анын ичинде президент Лукашенконун Батыш өлкөлөрүнө кирүүсүнө тыйуу салып койгон.

Брюссель менен Вашингтон бул ирет да, ЭККУнун байкоочуларынын бүтүмүнө карай, береги чектөөлөрдү дагы катаалдантышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG