Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

ЕВРОПА МАМЛЕКЕТТЕРИ ИММИГРАЦИЯГА КАРШЫ ЧАРА КӨРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жакында жарыяланган маалыматтарга караганда, өнүккөн мамлекеттерге келген эмигранттардын саны улам көбөйүп баратат жана ал мамлекеттер тынчсыздана баштады.

4-апрелде Бириккен Улуттар чыгарган отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, өнүккөн мамлекттердин калкынын өсүшүнүн 75 пайызы сырттан көчүп келген адамдардын эсебинен камсыз кылынат. Эгер мындай абал уланса, он жылдын ичинде өнүккөн мамлекеттердин калкы жалаң гана келгиндердин эсебинен өсүп калат.

Голландия өкмөтү март айында атайын мыйзам кабыл алды жана ага ылайык, өлкөгө туруктуу келип жашоону каалаган адамдар Голландияга келе электе тил боюнча алдын ала экзамен берүүгө тийиш жана өлкө калкы тарабынан кабыл алынган баалуулуктар боюнча дагы сынактан өтүш керек.

Мисал үчүн, эгер сиз Кыргызстандан Голландияга барып жашайын десеңиз, Голландия элчилигине барып, ошол жерден тил боюнча экзамен бересиз. Андан тышкары сизге ошол элчиликте - Голландиядагы турмуш боюнча кино көрсөтүлөт, ал кинодо гомосексуалдар бир-бири менен өбүшүп жатканы жана деңиз жээгинде эч кандай кийимсиз жүргөн адамдар тартылган. Эгер сизге ал кино жакпаса, сиз Голландия эли кабыл алган баалуулуктарды жактырбаган болосуз жана сизге виза берилбейт. Андай сынактан өтүш үчүн сиз 350 евро дагы төлөш керексиз.

Эгер кимдир бирөө Нидерландка келип жашап калган болсо жана ал өз аялын же күйөсүн туруктуу жашоого чакырайын десе, ошол келе турган адамдар дагы ушундай сынактан өтүүгө ийиш. Ошол эле учурда АКШ, Австралия же Жапония сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин жарандары андай сынактан өтүүгө милдеттүү эмес.

Нидерланддагы миграция мыйзамдары боюнча адис Кеес Грөндендийктин айтымында, бул мыйзам адам укуктарын гана эмес, Европа Биримдигинин дагы эрежелерин бузат: "Менин пикиримде, иммиграция боюнча уюштурулган мындай сынактардын чет мамлекеттерде өткөрүлүп жатканы Европа Биримдигинде кабыл алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биригүүсү боюнча эрежени бузат. Аны менен катар, бай мамлекеттердин жарандары андай сынактан өтүүгө милдеттүү болбогонунун дагы ал эрежеге тийешеси жок. Ошондуктан бул мыйзам - үй-бүлө мүчөлөрүнүн биригүүсүнө көмөктөшпөстөн, жөн гана иммиграцияны чектөөгө багытталган", - дейт Грөндендийк.

Өлкөгө сырттан көчүп келип туруктуу жашап калган адамдардын 600 миңи азыр тил билбейт, алардын көпчүлүгү жумушсуз. Андай иммигранттар негизинен Түркия же Мароккодон көчүп келгендер. Анчалык катуу болбосо дагы, окшош мыйзамдар азыр Британия жана Алманиянын кээ бир аймкактарында дагы даярдалып жатат.

XS
SM
MD
LG