Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

БИШКЕКТЕ ТЫНЧТЫК МИТИНГИ ӨТҮП ЖАТАТ


Бакыт Орунбеков

Бүгүн Бишкек шаарында борбордук Алатоо аянтында саат 11де «Реформа үчүн» кыймылынын демилгеси менен өтө турган митинг мамлекеттик гимн ойнолуп, ага удаа ар кандай түстөгү шарларды асманга кое берүүсү менен башталды. Аянтка келгендер 12-майда Кадамжайда Кыргызстанга мыйзамсыз кирип келген куралчан топтун огунан курман болгон атуулдарды бир мүнөт укчукпай туруп эскеришти жана алардын урматына асманга шарлар кое берилди.

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөр өлкөдөгү конституциялык реформаларды ыкчамдатууну, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылышты. Азыркы бийлик бул маселелерде чечкиндүү аракеттерди көрбөй жаткандыгы айтылды. Кыргызстандын ХИПК программасына кирүү аракеттерине каршы пикирлерин билдиришүүдө.

Митингде түндүк-түштүк бөлүнүүгө шыкак берип жаткан жагдайлар сынга алынды. Депутат Дооронбек Садырбаев «Мен түштүктүк же түндүктүк эмес, Кыргызстандыкмын, аймактарга бөлүп жаткан саясатчыларга орун жок» деди.

Митингди алып баруучусу, депутат Мелис Эшимкановдун айтымында аянтка 30 миңдей адам чогулду, ал эми байкоочулардын баамында митинге 8-10 миндин тегерегинде адам катышып жатат.

XS
SM
MD
LG