Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

6-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1905-жылдын бу күнү Копал уезддик начальнигинин жардамчысы капитан Вирский, Пишпек уездинен келген кыргыздардын арызы боюнча уезд начальнигине рапорт жолдогон. 1928-жылы Кыргыз АССРинин чөлкөмтаануу боюнча мамлекеттик музейинин жетекчиси С.М.Абрамзон маалымдоо каражаты аркылуу Фрунзе шаардык кеңешине акаaрат айтты.

1905-жылдын бу күнү Копал уезддик начальнигинин жардамчысы капитан Вирский, Пишпек уездинен келген кыргыздардын арызы боюнча уезд начальнигине рапорт жолдогон. Анда кыргыздар менен казактардын министрлер Комитетинин төрагасына жазган петициясы туурасында сөз жүрөт. бу жылы кыргыздар менен казактар биргелешип, айтылган тармактар боюнча алардын укуктары басмырланып жаткандыгына кабатырланып петиция кабыл алышкан. Уезддик начальник жардамчысынын рапортуна алардын петициясы Шабдан Жантаевге аркылуу падышалык бийликке жеткириле тургандыгы белгиленет.

1918-жылдын бу күнү убагында Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар Пржевальск жана Жаркен уездерине каптап киришти. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан улуттук саясат, дин иштери жана тамак-аш маселесин чечүүдө каталык кетирилип, ал большевиктердин саясатына залакасын тийгизген жана ал контрреволюциячыл күчтөргө көмөк көрсөткөн. Клецко баштаган кызыл аскерлер отряды аларга каршы коюлуп, анда кызмат өтөгөн М.Сүйүнбаевге окшогон кыргыз жоокерлери душманга каршы күрөшүүдө каармандык көрсөткөн.

1928-жылы кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбору, Ленинград чыгыштаануу институтунун кызматчысы Константин Юдахин менен ошол эле институттун студенти Кусеин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү тапшырмасын жүктөгөн. Башында аларга сөздүктү түзүү үчүн бир жыл мөөнөт берилген. Бирок жаш изилдөөчүлөрдүн изденүүсү он жылдарга уланып, акыры алардын эмгек үзүрүнүн акыбети фундаменталдык эмгек менен жыйынтыкталган.

1928-жылы Кыргыз АССРинин чөлкөмтаануу боюнча мамлекеттик музейинин жетекчиси С.М.Абрамзон маалымдоо каражаты аркылуу Фрунзе шаардык кеңешине акаарат айтты. Макалада шаардык бийликтин борбордо орун алган “жападан жалгыз тарыхый эстелик эсептелген – кокон хандыгынын чебин” коргой албагандыгына күнө коюлат.

5-июнь чөйрөнү коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү. Жаратылыш камын жеп аны коргоо саамалыгы 1973-жылы көтөрүлүп, андан бери бу күн “Жер жүзүндөгү жашоо үчүн!” деген чакырык менен белгиленип келет.


Бу күнү, 1599-жылы испан живописчиси Диего Веласкес, 1799-жылы теңдешсиз акын А.С.Пушкин, 1935-жылы далай Лама, 1942-жылы акын Курбаналы Сабыров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG