Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

УКРАИНАДА КОАЛИЦИЯ ТҮЗҮЛДҮ


Украинадагы “саргылжын” ыңкылапта союздаш болгон үч партия узакка созулган талаш-тартыштардан соң акыры өкмөттүк коалиция түзүүгө жетишти. Өлкө үчүн бул жакшы кабар болгону менен үч айдын аралыгында Украина ички-тышкы саясатта бир катар мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарды.

Баарыдан мурда АКШ президенти Жорж Буш эмдиги айда Киевге келбей турган болду. Мурда ал Санкт-Петербургда болгону жаткан “чоң сегиздин” саммити алдында Украинага кайрыла кетүүнү көздөгөн эле. Лондондук эксперт Стюарт Хэнсел эмне үчүн Буш визитин танык кылганын айтуу кыйын дейт. Эбак пландалып, мөөнөтү жакындап калганда анын Киевге келгенден айнып калганы, Хэнселдин болжолунда, Украинада туруктуу өкмөт түзүлбөй жатканына байланыштуу болсо керек.

Бейшемби күнү Киевде кол коюлган коалициялык келишимге ылайык, премьер-министрликке Юлия Тимошенко, парламент спикерлигине президентчил блоктун өкүлү Петр Прошенко көрсөтүлөт, социалисттердин өкүлүнө болсо биринчи вице-премьерлик кызмат тиет. Мындан тышкары келишимге ылайык, Евросоюзга кошулуу өлкөнүн тышкы саясатындагы башкы багыт бойдон калат, бирок НАТОго мүчө болуу маселеси референдум аркылуу чечилет.

Өткөн үч ай өлкөнүн экономикасына да кесирин тийгизди. Өндүрүштүн өсүшү 2,5 проценттен ашык төмөндөдү, чет элдик инвестиция, соода-сатык иштеринде да илгерилөө болгон жок. Ыңкылапчылар бийлик бөлүшө албай, узак талашып жатып элдин ишенимин суутту. Ошентсе да үч айлык кризистин башкы жабырын президент тартты. Эксперт Хэнсел эми ага стабилдештирүүчү күч катары карагандар аз болот деген ойдо.

“Менимче,өткөн үч ай өзгөчө кымбатка турду,баарынан Виктор Ющенко көп нерсе жоготту, - дейт Хэнсел. - Анын өлкөнү конструктивдүү нукка салып, чектелген мүмкүнчүлүктөрдү эптүү пайдалана аларына көбү ишене бербей калды”.

Эксперттер коалициялык келишим түзүлгөнү менен ага кирген үч партиянын ортосунда идеологиялык маселелерде, кадрлар проблемасында чечилбеген көп талаштар калды дешет. Анын үстүнө өкмөт башчы иретинде Тимошенкого президент Ющенко менен иркектеш болуп иштешүү оңой болбойт. Мындай жагдай былтыр жайда Тимошенконун отставкасына алып келген эле. Коалиция арасында бул жолу да чатак чыкпайт деп эч ким өтүл өтө албайт. Жаңы өкмөткө мындан тышкары Россия менен түзүлгөн газ контракттарына байланыштуу проблемаларды чечкенге туура келет. “Көгүлтүр оттун” кескин кымбатташынан улам быйыл күздө же кышка жуук Украина экономикалык чоң кыйынчылыктарга туш келиши да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG