Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

ГОРБАЧЕВ: ОРУСИЯ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖОЛДОН АДАШПООГО ТИЙИШ


Бул күнү, 19-августа мындан он беш жыл мурда Советтер Союзунда мамлекеттик төңкөрүш чыгарылып, бирок ал ишке ашпай калган. Ошондон кийин Советтер Союзу таркап анын ордуна жаңы мамлекеттер пайда болушкан. Андай эгемендүүлүккө жеткен өлкөнүн бири-Кыргызстан. Бул күндөрү мурдагы СССР президенти Михаил Горбачев «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын жөнөткөн суроолоруна жооп берип, ал жерде 1991-жылы 19-августа чыккан путч туурасында ой бөлүштү. Орусия демократиялык кайра курулуу багытында канчалык кыйынчылыкка учурабасын ал тандап алган жолунан эми тайбоо керек деген. Горбачев менен болгон бааралашуунун биринчи бөлүгүн сиздерге сунуш кылабыз.

«АЗАТТЫК»: Орусиянын президенти Владимир Путин 2005-жылы өлкөнүн федералдык советинде чыгып сүйлөп Советтер Союзунун кыйрашы 20-кылымдагы эң оор геосаясий окуя болду», - деп айты. Мындай пикир маалымат каражаттарында кыйла уу-дууну жаратты. Президент мырза, биздин чукулку тарыхыбыздагы бул учурду ушундай баалоого сиз макулсузбу?

ГОРБАЧЕВ: Мен мындай ойду канча жолу кайталап айттым. Биздин өлкөдө демократия баалуулугу тууралуу талаш башталарга дейре эле гласность мурдатан жыйылып калган маселелерди булуң-бучкагына дейре жарык кылып коомчулуктун көзүн ачып салды. Коомчулук арасы удургуй баштады. Ошондон улам мен ал кезде эле биздин мындан аркы жолубуз демократиялык кайра жаралуу болот деген болчумун: демократиялык коом куруу,айкындуулукка жетүү. Экономиканы башкача жолго салуу милдеттери турган. Акыры бүтүндөй системаны алмаштыруу керек жыйынтыгына келгенбиз. Ошого карабай мен, бизден мурунку муундар курган коомду сай-сайлатып ийбей, алардын тутумун бирдиктүү бойдон сактап калууну сунуштаганмын.

Путч чыгып мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгондон кийин СССР таркап кетүү коркунучу пайда болду. Анда да мен ушул багытта аракет жазап аттым. Астын сызып айтайын: Советтер Союзунун таркатылышы боюнча мен ал кезде - кайра куруу тушунда өзүн демократиялык баалулукту тааный алган өлкө катары көрсөткөн ири мамлекеттин таркатылышы туура эмес иш дегенмин.

«АЗАТТЫК»: Кайсы бир сырттан көз салуучулар ГКЧПнын (Чукулку кырдаал боюнча мамлекеттик комитет – ММ) чыгышына өлкөдө ага дейре жыйылып калган маселелелер түрткү болду. Кризиске учурап калган системанын урашына колунан иш келбеген жетекчилер тейлөөсү арачы болду. Бул кайра жаралуу эмес кокусунан жаралган реформа деп айтышат. Президент мырза, бул көз караштын канчалык деңгээлде чындыкка чукул жагы бар?

ГОРБАЧЕВ: Бул өз билүүнчө келжирейт дегендик. Өлкөдө пайда болгон кыйын кезеңди жөнгө салуу 1991-жылы жаз, жай айларында башталган. Алсак, күнүмдүк тиричилигинде азык-түлүккө жакшы жете албай кезмет күтүүлөрдөн улам чыккан эл арасында нааразылыкка жооп иретинде кризиске каршы программа иштей баштаган. Ал программаны мурдагы республикалар, ал тургай, Балтика боюндагы өлкөлөр да кубатташкан. Ошентип биз демократиялык жаңылануунун жолуна түшкөн болчубуз. Анын негизинде мурда кетирилген катаны оңдоо бар болчу. Эң башкысы – КПССти таркатып кайра уюштуруу жумушун жана союздук федерацияны уюштурууну кечиктиришибиз жаман иш болгонун түшүнгөнбүз.

Мамлекеттик төңкөрүш чыгаргандар максаты ошол биз түзүп чыккан кризиске каршы программаны бүлдүрүү болгон. Бирок алардын тилеги таш капты. Алар төлүй номенклатуралык төбөлдөр эле. Каршы чыкканы – реформаторлордун жаңылануу планын турмушка ашырбоо болгон. Коомчулукту мурдагы алкакка кайра баштап алып кетүү болгон. Алар коом алдында ачыктан ачык реформаторлорго каршы чыга алышкан эмес. Алар тымызын төңкөрүш жасап бийликти алууну эңсеген. Бирок калк аларды ээрчип кетпеди. Башынан канчалык кыйынчылык өтүп атпасын калк сталиндик тартипке кайтып кетүүнү каалаган жок.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG