Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

“АТЛАНТИС” КЕМЕСИ КОСМОСТУК САПАРГА КАМДАНУУДА


Эртең (27-августта) америкалык «Атлантис» (Atlantis) космос кемеси алты астронавттан турган экипаждын башкаруусу астында улуу сапарга аттанмакчы. Чөлмөк кеменин 11 күндүк сапарынын башкы мүдөөсү – Эл аралык космос бекетиндеги курулуш иштерин кайрадан жандантуу. 2003-жылы «Колумбия» космос чөлмөгү кыйроого учурагандан бери, эл аралык бекетти куруу иши кыйла үзгүлтүккө учураган болчу. Алдыдагы төрт жылда бул жаңы учуудан тышкары космос чөлмөгүнүн дагы 14 жолку каттамы жүзөгө ашырылат. Натыйжада, 2010-жылга карата эл аралык космостук бекетти куруу иши негизинен аяктайт.

Ырас эле, жакынкы төрт жыл ичинде бул эл аралык космостук бекет курулуп бүтсө, анда Жердин орбитасында туруктуу иштеген, көлөмү тим эле футбол талаасыныкындай болгон ири космос майданы пайда болмокчу. Анын салмагы – 500 тоннага тете болот.

Бирок, оболу “Атлантис” космос чөлмөгүнүн орбитага аман-эсен барып келишин тилейли. Бул кеме тээ 2003-жылдан бери бекетке жеткирилбей кала берип келген ири техникалык жабдууларды жана жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү бекетке алып барышы керек.

“Атлантиске” космос бекетине жаңы тетиктерди жалгаштыруу үчүн зарыл болгон эбегейсиз зор көлөмдөгү пайдубалдык жабдуу жүктөлдү.

Америкалык космос иликтөө агенттиги НАСАнын (NASA) Хюстондогу Жонсон атындагы космос борборунун адиси Кайли Клем (Kylie Clem) айым бул жаңы пайдубалдык жабдууга күн кубатын электр кубатына айландырууга мүмкүндүк берчү тетиктер жана жабдуулар бекитилгенин айтат. Бул система ишке кирсе, анда азыркы космостук бекеттеги электр кубаты эки эсеге көбүрөөк өндүрүлүп калмакчы.

Клем айым “Атлантис” кемеси орбитага чыгара турган 17 жарым тонналык ири пайдубалдык жабдууну орнотуу өтө эле машакаттуу жана көп баскычтан турган жумуш экенин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Астронавттар космос чөлмөгүнүн кранын чыгарышат да, крандын колун чөлмөктөгү тийешелүү жүк жүктөлгөн чоң бөлмөдөгү пайдубал кызматын аркалачу жабдууга тагышат. Андан соң бул пайдубал жабдууну эл аралык космос бекетинин робот колдоруна өткөрүп беришет. Андан кийин экипаж өкүлдөрү бул пайдубалдык жабдууга роботтук системаларды жалгаштырышат. Андан соң чөлмөк кеменин астронавттары ачык космоско чыгышат да, бул жаңы пайдубалдык жабдууну буга чейин эле космос бекетине жалгаштырылган башка бир пайдубалдык тетикке бекитүү үчүн чордондук тетиктерди, ар кыл шлангдарды жана зымдарды аларга чиркештирет.

Бул жумуштар бүткөн соң, эл аралык космос бекетинде узундугу 80 метрге жеткен жаңы канаттар пайда болот жана алардын жардамы менен күн нуру чогултулат.

Британияда чыгуучу “Спэйсфлайт” (Spaceflight) журналынын редактору, космос изилдөө адиси Клайв Симпсон (Clive Simpson) жакынкы болочокто америкалык космос чөлмөктөрү аркылуу улам жаңы жабдуулар бекетке жеткирилээрин, жаңы жабдуу, тетик жана технологиялык аспаптар европалык, жапондук, америкалык, орусиялык жана башка өлкөлөрдүн илимпоздорунун мээнети менен жаралганын айтат.

Симпсондун оюнча, космос бекетинин жаркын келечеги бар экендигинде эч шек жок:

- Жылдар закымдап өткөн сайын, биз космос бекетинен улам көп сандаган маанилүү маалыматтардын Жерге жибериле баштаарына күбө болобуз. Андагы иш алып барчу экипаждын саны да үчтөн төрт кишиге, андан соң беш жана алты кишиге жетип, улам көп сандаган жаңылыктарга ээ кылышат. Бул – эл аралык деңгээлдеги өтө зор иш-чара, мурда болуп көрбөгөндөй эң ири өлчөмдөгү эл аралык долбоор.

Симпсондун айтымында, эл аралык космос бекетиндеги сыноолор болочокто адамзатка Айга жана Марска өз өкүлдөрүн аттандыруу үчүн тийешелүү тажрыйба топтоого, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө өбөлгө түзмөкчү.
XS
SM
MD
LG