Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

НЬЮ-ЙОРК ШААРЫНА КАРШЫ КӨРҮЛГӨН ТЕРРОР АРАКЕТИНЕ БЕШ ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 11-сентябрда Америка эли мындан беш жыл мурда АКШга каршы көрүлгөн ири террор аракеттеринин беш жылдыгын эскерди. Нью-Йорк шаарында бир нече аза күтүү жыйыны болуп өттү.

Эң ири террор аракети Нью-Йорк шаарында болгон, Эл аралык соода борборунун эки мунара имаратына эки учак келип тийгенден бардыгы болуп 2749 адам өлгөн. Мунаралар бир кезде турган жерде өткөн митингге эки жүздөй адам катышты, курман болгондордун туугандары жана жакындары набыт кеткендердин баарынын ысымдарын окуп чыгышты. Ар бир адам 14 кишинин ысмын окуду.

Ошол террор аракеттери болгон учурда Нью-Йорктун мэри болуп иштеген Рудольф Жулиани минтип сүйлөдү: "Ал террор аракеттеринен бери өткөн беш жыл дүйнөнү өзгөрттү. Биз бүгүн бул жерге кайра келип, курман болгондордун эрдигин эскерип жатабыз. Алар бейкүнөө ажалга дуушар болду. Биз бүгүн алардын кайгыдагы жакындарына да кайрат айтабыз жана алардын жүрөгүндөгү жарыкты эскеребиз", - деди мурдагы мэр.

Кайгылуу окуя болгон жерден алыс эмес турган чиркөөдө атайын ибадат өткөрүлдү. Ага президент Жорж Буш жубайы менен, Нью-Йорктун азыркы мэри Майкл Блумберг, мурдагы мэр Рудольф Жулиани, Нью-Йорк штатынын губернатору Жорж Патаки жана башкалар катышты. Андан соң Буш - шаардын өрт өчүрүү департаментине да барып, анын кызматкерлери менен жолукту.

Окуядан беш жыл өткөндөн кийин президент Бушка карата Америка коомундагы мамиле өзгөрө баштады. Жакында "Си-эн-эн" сыналгысы, "USA Today" деген гезит жана Гэллап институту биргелешип өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ калкынын 45 пайызы азыр - эгер өкмөт жакшы иштегенде, ал террор аракеттеринин алдын алуу мүмкүн болмок деп эсептейт. Аны менен катар көп адам - ал окуядан кийинки америкалык саясатты дагы сынга алууда.

Нью-Йорк шаарындагы аза күтүү жыйынына катышкан Жэнис Айбелдин айтымында, бүткүл Америка элин президент Бушка окшоштурбаш керек: "Менин пикиримде, биздин жетекчилик толугу менен туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Ар башка маданияттагы элдер ортосунда көбүрөөк сүйлөшүү өткөрүш керек, түшүнүшүү абзел, башка мамлекеттерден биз колдоо алууга тийишпиз, бирок андай болбой жатат. Дүйнө элдери Америка президент Бушка окшош деп ойлойт, бирок биз андай эмеспиз. Мындай саясат жакшылыкка алып келбейт жана мен ишенем, эмки президенттик шайлоодо биз аны өзгөртөбүз", - дейт Нью-Йорк тургуну Жэнис Айбел.

XS
SM
MD
LG