Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕРИ ЮНЕСКО ТИЗМЕСИНЕ АЛЫНАБЫ?


Улуу Жибек Жолунун бир бөлүгү болуп келген Кыргызстандын аймагында көптөгөн тарыхый археологиялык жана архитектуралык маданий эстеликтер сакталган. Алардын айрымдарын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө. Адистердин айтымында, эгерде бул максат ишке ашса, Кыргызстанда тарыхый эстеликтерди сактоо иши жакшыртылат.

Тарыхый эстеликтерди сактап калуу аракетин көрүү азыркы цивилизациялык коомдун өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Бирок, маданий мурастарды сактоо үчүн эң оболу коом анын баалуугуна, чындыгында эле бул эстелик дүйнөлүк маданий мурастын бир бөлүгүн түзөөрүнө ынанууга тийиш.


Эстеликтерди сактоо боюнча иш-аракеттер мамлекеттик деңгээлде Маданият министрлиги жана бул тармактагы башка органдар, ал эми эл аралык деңгээлде ЮНЕСКО уюму тарабынан жүргүзүлөт. Аталган уюм ар кайсы өлкөлөрдөгү дүйнөлүк маданий мурасты түзгөн эстеликтерди сактоо жана аларды даңазалоо тармагында иш жүргүзөт.

1995-жылы алгачкы ирет ЮНЕСКОнун биринчи миссиясы Кыргызстанга келип, маанилүү тарыхый-маданий объектилерди көрүп, алардын ичинен айтылуу Саймалуу-Таш, Шах-Фазиль, Озгөн жана Сулайман-Тоо эстеликтерине өзгөчө көңүл буруп кетишкен.

2000-жылы Кыргызстан ЮНЕСКОнун Маданий мурастар борборуна бүткүл дүйнөлүк жаратылыш жана маданий мурастарынын тизмесине киргизүүгө жогоруда айтылган эстеликтерден сырткары, Ысыккөл облусундагы байыркы шаарлардын калдыктары, петроглифтер комплекстери жана Бурана архитектуралык комплекси сунушталган. Бирок, алар ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилиши үчүн белгилүү талаптарга жооп берүүгө тийиш. Алардын ичинен башкылары - ал эстеликтин дүйнөлүк тарыхый-маданий мааниси жана өзүнүн алгачкы калыбынан өзгөрүлбөй сакталып калышы боюнча талаптар.

Жергиликтүү адистердин айтымында, Кыргызстандын аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтерди сактоого мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай келе жатат. Ал эми эстеликтерди сактоого мамлекеттин жасаган мамилеси аларды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнүн башкы шарттарынын бири болуп эсептелет.

Маданият министри Султан Раев Кыргызстан үчүн анын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий эстеликтердин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү маселеси чоң мааниге ээ экендиги тууралуу айтты:

"Биз үчүн албетте, өзүбүздүн аймагыбыздагы тарыхый-маданий эстеликтердин айрымдарын ЮНЕСКО тарабынан корголчу тизмеге киргизип алсак, өтө чоң утуш болот. Анткени, азыр биздин өлкөдөгү бир да эстелик бул уюмдун тизмесине киргизиле элек. Ал эми мисалы, коңшу Озбекстандын бир катар тарыхый архитектуралык эстеликтери киргизилген. Биздин эстеликтерди ал тизмеге киргизүү үчүн биз да көп жылдардан бери аракет көрүп келе жатабыз. Эгерде бул аракетибиз жемиш берсе, биздин тарыхый эстеликтерди коргоп, сактоого бул уюм тарабынан каржылык да жардамдар көрсөтүлөт. Андар сырткары, биздин тарыхый эстеликтер тууралуу дүйнө коомчулугу билип, туристтердин да саны көбөйөт эле", - дейт Султан Раев.

Археолог-окумуштуу Кубат Табалдиев өлкөдөгү тарыхый эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аларды сактоодогу өлкөнүн жоопкерчилигин жогорулатаарын деп белгиледи:

"Кыргызстандын аймагындагы тарыхый эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү ошол уюм тарабынан ал эстеликтерди реставрациялоого жана башка иштерге аябай чоң каражат бөлүнөт деген түшүнүк болбошу керек. Тескерисинче, бул эстеликтерди сактоо, аларды коргоо боюнча кыргыз өкмөтү чоң милдеттенмелерди алат жана аларды аткарууга тийиш. Ошондуктан, эгерде биздин эстеликтер бул уюмдун тизмесине кирип калса, кыргыз өкмөтү аларды сактоо боюнча тиешелүү милдеттерин аткарышы керек. Албетте, бул эстеликтер дүйнөлүк тарыхый-маданий мурастардын катарына кирген соң, уюм тарабынан да тиешелүү жоболорго ылайык сакталып, корголот".

Археолог Бакыт Аманбаеванын пикиринде да, Кыргызстандагы тарыхый, маданий эстеликтерди сактоого биринчи кезекте мамлекеттик саясат жүргүзүлүүгө тийиш.

"Кыргызстандагы эстеликтердин сакталышы биринчи кезекте Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн керек. Бул тарых, маданият. Азыо мисалы, Ош өрөөнүндөгү көптөгөн петроглифтер сакталган Айырмач-тоо эстелиги бузулуу алдында турат. Анткени, анын түбүнө кыш заводу курулууда. Бул тоонун петроглифтер чегилген таштары болсо үйлөрдүн пайдубалдарын тургузууга пайдаланып жатат. Мындай көрүнүшкө биз, окумуштуулар кайдыгер мамиле кыла албайбыз. Эстеликтерди сактоого бир гана биз эмес, өкмөт, коом кызыдар болушу керек", - дейт археолог Бакыт Аманбаева.

Жакында Самарканд шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун конференциясында Улуу Жибек Жолунун аймагында жайгашкан, анын ичинде Кыргызстандагы кайсы тарыхый-маданий эстеликтерди бул уюмдун тизмесине киргизүү маселеси талкууланат. Адистердин айтымында, эгерде Кыргызстандын аймагындагы тарыхый, маданий, археологиялык, архитектуралык эстеликтер бул эл аралык уюмдун тизмесине кирип калса, өлкөдө аларды сактоого багытталган иш-аракеттер жакшыртылат.

Азиза Турдуева
XS
SM
MD
LG