Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

АЖЫ ЗЫЯРАТЧЫЛАРЫ АРАФАТ ТООСУН КӨЗДӨЙ САПАР АЛЫШУУДА


Ушу тушта Сауд Арапыстанында эки миллион ашуун мусулман ажылык парзын аткарып жүрүшөт. Мина өрөөнүндө жылда кайталанчу капылет окуялардын алдын алуу үчүн падышалык бийлик кошумча курулуш иштерин жүргүзүп, 30 миңден ашуун полиция кызматкерин жайгаштырган. Саудиянын ички иштер министри ажы маалында зыяратчылардын коопсуздугуна коркунуч жаратчу ар кандай аракеттерге каршы катаал чара колдонула турганын алдын ала эскертти.

Мусулмандык беш парзынын бирин сакыт кылуу үчүн быйыл Меккеге чет өлкөлөрдөн 1, 5 миллион ашуун адам келди. Алардын 4, 5 миңи Кыргызстанданр. Булардан тышкары 600 миң чамалуу саудиялык жана падышалыкта иштеп жүргөн четжерлик мусулмандар да ажы зияпаттарын аткарууга катышат деп болжолдонууда.

Зияратчылар үстүбүздөгү түндү Мина өрөөндө өткөрүштү. Алардын бири ооганстандык жаран “Азаттыкка” уюлдук телефондон берген интервьюда мындай деди:

- Мен ыйык Минада беш ирет ибадат кылып, андан соң Арафт тоосуна сапар алам.

Меккеден 10 чакырымдай алыстагы Мина өрөөнү азыр эңгезердей чоң чатырлардан курулган убактылуу шаарга айланган. Татарстандын орун басар муфтийи Велиулла Якуп чатырлуу шаарды мындай сүрөттөйт:

-Өрөөндө жайнаган чатырларда ажылар ондон, жыйырмадан же отуздан жайгаштырылган. Анын көчөлөрүндөгү дүр-дүйнө күркөлөрдөн каалган нерсеңизди сатып алсаңыз болот. Адамдар чатырлардагы электр чайинктерде чай кылып ичишүүдө. Суу болсо бекер.

Зыяратчылар бүгүн үрүл-баралда Минадан Арафат тоосун карай жөнөшөт. Мухаммед алейсалам 632- жылы Арафат тоосуна акыркы жолу зыяпатка барган.
Чубалжыган эл Арафатта бир күн болгондон кийин, Минага кайра келишип, Курбан айтты белгилешет. Ошондой эле өрөөндөгү шайтандын сөлөкөттөрүнө үч ирет барып таш атышат.

Кыргызстандын ажы зыяратын уюштуруу штабынын орун басар төрагасы Аркарбек Садабаев курбандыкка союлчу койлорду сатып алууну падышалык уюмдаштырганын айтып, койдун баасы жөнүндө:

-Бир койдун орточо баасы семиздигине жараша 80 –100 доллардын тегерегинде болот.

Былтыр Мина өрөөнүндөгү Жамарат көпүрөөсүндө 345 зияртачы тебелендиде калып, жан берген. Бул сыяктуу кырсыкты болтурбоо үчүн быйыл ал жерде инженердик курулуш иштери жүргүзүлүп, 30 миңден ашуун полиция жайгаштырылган.

Жүз миңдеген адамдардын ичинде ысык уруп же саламаттыгы аксап, көз жумгандары да болбой койбойт. Азыркы ажы маалында ушундай жагдайда 200 ашуун адам каза тапканын Саудия өкмөтү маалымдады. Алардын ичинде 78 жаштагы баткендик аксакал да бар.
XS
SM
MD
LG