Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ПЕТЕРБУРГДА «МАКДОНАЛДС» РЕСТОРАНЫНДА ЖАСАЛМА БОМБА ЖАРЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Петербургда жекшемби күнү «Макдоналдс» рестораны жардырылып андан 6 адам жарадар болуп ооруканага түшүштү. Жараат алгандардын арасында эки бала жана германиялык бир турист бар. Жардыруу Невский проспектисиндеги «Макдоналдста», москва убактысы боюнча алганда, кечки саат 8-30да болгон. Маалымат агенттиктери жазганга караганда, жардыруудан ресторандын үстү жарым-жартылай түшүп, терезелеринин айнектери күбүлүп калган. Санкт-Петербургдук шаардык прокуратура Орусиянын кылмыш кодексинин «коомдо коркунуч туудуруучу жолду пайдаланып эки же андан көп кишини өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси астында кылмыш ишин козгогон.

"Макданалдс" ресторанында үстөлдүн алдына калтырып кеткен түйүнчөктөгү жардыргыч заттын күчү ИТАР-ТАСС жазганга караганда, 200-300 граммдык тротилдей келет. Ал эл кызуу тамак ичип атканда жарылган жана анын айынан төрт киши эки бала жарадар болуп ооруканага түшкөн.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жардыруу ээнбаштык деп мүнөздөгөн. Башка божомолдо - бул «америкалыктар өнөкөт жашоосун» жек көргөн ашынган улутчул топтун колунан келген делинет.

Петербург калаанын прокурору Сергей Зайцевдин айтканына караганда окуяга так аныктама бериле элек, ошого карабай кылмыш иши козголгон:

«Жалпыга корунуч келтирчү жол менен эки жана андан көп кишини өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси астында кылмыш иши козголду», - деди прокурор.

Буга дейре эле Санкт-Петербургда, 2002-жылы 19-октябрде Покрышкина көчөсүндөгү «Макдоналдс» ресторанынын алдына айдап келип «Таврия» машинесин жардыруу болгон. Андан бир киши ошол жерде мүрт кетип 8 киши жарадар болушкан. Ал эми 2003-жылы Энегельс көчөсүндөгү «Макданалс» эшигине коюлган бомбадан эч ким жарбыр таркан эмес.

Бул жолку, Невский чоң көчөдөгү жардыруудан жабыр тартып, №5 балдар ооруканасына түшкөн Лидия, 18-февралда башынан өткөн окуяны мандайча сүрөттөдү:
«Ал (жарылуу – ММ) менин оң жагыман чыкты. Тарс дей түшкөнүн уктум. Ал тургай, айланамдагылардын ар кайсы тарпка учуп атканын көргөнгө да үлгүрдүм», - дейт.

Коомчулуктун көңүлүн алагды кылыш үчүн кимдир бирөө атайылап жасап атышы деле ыктымал деген да анализчилер бар. Алар бул окуяны жакында болуучу чоң кырсыкка жорушууда. Алар: «2002-жылы Норд Ост театрын террорчулар барымтага алардан бир апата мурда да Маскөөдө «Макдоналдс» ресторанын жардыруу болгон» - дешет.

XS
SM
MD
LG