Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

KЫТАЙ ӨЗҮНДӨГҮ ИНТЕРНЕТТИ ӨЗ КҮЧҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык "Майкрософт" компаниясы азыр компьютерлер үчүн жаңы иштөө системасын таратып жатат. Ал бир топ кымбат, бирок Кытайда анын жасалма түрлөрү арзан баада тарай баштады жана айрым эксперттердин пикиринде, дал ушундай - айрым учурларда мыйзамсыз - аракеттер менен байланыштуу Кытайга интернет дагы кеңири жайылууда.

"Майкрософт" компаниясы Windows деген иштөө системасынын "Виста" деп аталган жаңы түрүн иштеп чыгып, аны 1-февралдан бери ачык сатууга чыгарды. Программанын баасы 300 доллардын тегерегинде, бирок бир ай өтө электе Кытайда ал программанын жасалма түрү пайда болду. "Майкрософттун" айтымында, жаңы программа - аны колдонгон компьютерлердин коопсуздугун күчөтөт, анын өзүнүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн дагы атайын чаралар көрүлгөн жана программаны даярдоо үчүн бардыгы болуп 6 миллиард доллар корогон.

Бирок Кытайда дароо анын жасалма копиялары пайда болгону - бир жагынан Кытайда мыйзамдар сакталбаганын, экинчи жагынан - өлкөнүн компьютер адистери канчалык күчтүү экенин көрсөтөт. Батышта кеңири тараган Google же Yahoo! деген издөө системаларынын ордуна болсо Кытайдын өзүндө өнүгүп чыккан "Байду" деп аталган система колдонулат.

Лондон шаарындагы "Экономист" деген изилдөө тобунун эксперти Данкэн Иннэс-Кердин айтымында, дал ошондой мыйзамга көз жумуу салты менен байланыштуу "Байду" азыр Кытайда өтө кеңири тарап баратат: "Google системасына караганда 'Байду' кеңири тарап баратканынын себептеринин бири - интернет аркылуу музыка жазып алуу боюнча анын эрежелери өтө жөнөкөй жана музыканы уруксатсыз жазып алуу мүмкүнчүлүктөрүн ал ылдам таап, көрсөтүп берет. Google болсо андайга көп барбайт, анткени авторлук укугун коргогон Батыш фирмалары аны өз өлкөсүндө сотко бериши мүмкүн", - дейт Иннэс-Кер.

Ошондуктан Батыш фирмалары канчалык аракет көрүп, Кытайдын өзгөчөлүктөрүнө канчалык ылайыкташканына карабай, интернеттеги издөө тармагында жергиликтүү адамдардын 60 пайызы азыр "Байдуну" колдонот, атактуу Google болсо 25 гана пайызга ээ.

Аны менен катар адам укуктарын коргоо тармагында дагы Кытай өкмөтү атайын аракеттерди көрүүдө жана интернет аркылуу эркин маалымат алмашуу коопсуз эмес. Бээжиндин талабын аткарып, өкмөттүн аракеттерин сынга алган каттарды интернет аркылуу тараткан бир адамды таап берүүгө көмөктөшкөн айрым Батыш фирмалары дүйнөлүк коомчулук тарабынан катуу сынга алынган.

Бирок, Иннэс-Кердин айтымында, өкмөт баары бир ар бир адамдын артынан аңдып отура албайт: "Бул өтө кеңири тармак, андай аракеттерди 'радарлап' табыш үчүн өкмөттүн күчү жетпейт жана кайсы бир андай маселеге өтө көп адам кызыкса гана ага көңүл бурулушу мүмкүн", - дейт Иннэс-Кер.

Кытайдын көпчүлүк калкы болсо азыр интернетке киргенде - адам укуктарын коргоо маселесинен мурда негизинен музыка же видео издеп кирет.
XS
SM
MD
LG