Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

ЛОНДОНДО МИГРАНТТАРДЫ ЛЕГАЛДАШТЫРУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ИРИ МИТИНГ БОЛУП ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага Мыйзамсыз миграция азыр бүткүл дүйнөлүк проблемага айланууда. Миллиондогон адам жер которуп, башка мамлекеттерге барып иштеп, жан багууга жана мекенинде калган туугандарына жардам жиберүүгө аракеттенүүдө. Жакында Лондон шаарында андай мигранттардын укуктарын коргоого аракеттенген ири митинг болуп өттү.

Улуу Британияда азыр жарым миллионго жакын мыйзамсыз мигрант бар, алар негизинен кара жумуш аткарып, өлкө экономикасына салым кошуп жатат, бирок расми каттоодон өтпөгөндүктөн, салык төлөнбөгөн же кылмыштуулуктун күчөшү сыяктуу көптөгөн маселе чыгууда.

Эл аралык терроризмдин күчөшү менен байланыштуу болсо британ өкмөтү чек арадан өтүү эрежелерин катуулантып, өлкөгө мыйзамсыз келген иммигранттарды мекенине кайтаруу чараларын көрүүдө.

7-май күнү Лондондун борборундагы Трафалгар аянтында ири митинг болуп өттү жана ага катышкан жүздөгөн миң адам өлкөгө бир кезде келип, көптөн бери жашаган иммигранттарга мунапыс жарыялап, аларга Британиянын жарандыгын берүүнү талап кылды.

Жыйынга бир топ белгилүү адам, мисал үчүн, Англия менен Уэльстин католик чиркөөсүнүн кардиналы Кормак Мөрфи-О'Коннор, белгилүү ырчы Билли Брэг, баронесса Ширли Уильямс жана башкалар катышты. Алардын айтымында, өлкөдө жашаган иммигранттарга адилет мамиле жасалууга тийиш жана алар өлкөдө калып, британ жарандыгын алууга укуктуу болуш керек.

Айтылган сунуштарга ылайык, кандай себеп менен болбосун өлкөгө келип иштеп, өзүн бага алган адам төрт жылдан кийин жумушка орношууга расми укук алыш керек. Дагы эки жылдан кийин болсо аларга - мөөнөтсүз иштегенге мүмкүнчүлүк берилип, британ жарандыгын алууга талаптуу англис тили боюнча экзамен, кылмыштуу аракеттерге катышпагандыгы тууралуу текшерүү жана башка расми процедураларга катышып, жарандык үчүн күрөшүү укугун бериш керек.

Митингге катышкандардын пикиринде, андан мамлекеттин өзүнө да пайда болот. Андай каттодон өткөн мигранттар расми түрдө эмгектене баштагандыктан, казынага төлөнгөн салыктын көлөмү көбөйөт. Андай мигранттар британ жарандары менен бирдей эмгектене баштагандыктан, жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрү дагы артат. Мыйзамсыз келген эмгек мигранттарын кул сыяктуу эзген жашыруун фирмалардын аракеттери болсо чектелет.

Андан тышкары мындай мунапысты - өлкөдө көптөн бери жашаган иммигранттарды гана легалдаштыруу үчүн колдонуп, эрежелерди андан кийин катуулантса болот, анткени акыркы кабыл алынган катуу мыйзамдардан - Британияга мындан көптөгөн жыл мурда келгендер жапа чегүүдө.

Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, эгер кайсы бир мигранттарга мындай мунапыс берилсе, анда дароо ар башка мыйзамсыз жолдорду таап, өлкөгө сырттан келген адамдардын саны эбегейсиз өсүп кетиши мүмкүн. Оппозициялык саясатчы Дамиан Гриндин пикиринде, саясий жана башка себептер менен чет өлкөлүктөргө башка калка берүү эрежелери жакшы иштелип чыгып, ошонун негизинде аракеттениш керек.

Иммиграция маселелери боюнча министр Лайэм Бөрндүн айтымында болсо, ансыз деле азыр анын министрлиги өтө көп иш кылууда жана мунапыс берилгенден кийин өлкөгө сырттан келгендердин саны эбегейсиз өссө, министрлик андай ишти жөнгө сала албай калышы мүмкүн.

Митинг учурунда болсо азыркы иммиграция эрежелерин расисттик тартип деп мүнөздөгөн айыптар да айтьлды.

XS
SM
MD
LG