Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ, 2-KҮH: КАЗАКСТАНДЫК, ИРАНДЫК, МОНГОЛИЯЛЫК БАЛБАНДАР ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


8-майда Бишкектеги эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан: Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков финалда жеңип, алтын медаль тагынып, Азиянын чемпиондору аталган. Бүгүн 9- майда Казакстан, Иран, Монголия жана Жапониядан келген балбандар баш байгеге талапкер болушту. Ошондой эле «Спартак» салтка айланган лейлек күрөшү да 33- ирет өткөрүлүп жатат.

Бүгүн 9-май жеңиш күнү Азия чемпионатынын эркин күрөш таймашуулары улантылды. Бул күнү түшкө чейин 55, 66, 84 жана 120 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуулары болуп, мыктылар иргелип баш байгеге талапкерлер аныкталды.

Кыргызстандын намысын жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан коргоп, жаштык кылып атаандаштарына алдырып коюп, мыктылар сабына кошулбай калды.

66 кг салмакта Артуш Таңбулак да ийгилик жарата албады. Ал эми 84 кг. салмакта күрөшкөн кыргызстандык Самат Толубаев эки атаандашын утканы менен финалга чыгуу үчүн күрөштө монголиялык Ганзорижге жеңилип калды. Бирок Самат кечинде коло байге үчүн казакстандык Эрмек Байдубашев менен күч сынашат.

120 кг оор салмакта күрөшкөн кыргызстандык Кушубаков килем үстүндө ирандык балбан Фардин Масоуми Фаладини утуп жатып, кабыргасын чойдуруп алып, мелдешти улантууга дарыгерлер уруксаат беришпеди.

Атланта олимпиадасынын коло байге ээси, Казак спортуна эмгек сиңирген чебер Мавлян Мамыровдун пикиринде Бишкектеги Азия чемпионаты курч деңгээлде өтүүдө.

Эми бүгүн кечинде сиздер ушул берүүгө назар салып жаткан учурда 55 кг. жеңил салмакта жапондук Сайто Масаши менен казакстандык Асет Серикбаев баш байге Азия чемпиондугу үчүн таймашууга чыгышат.

66 кг. салмакта Азия чемпионатынын алтын медалы үчүн ирандык Хасан Тахмаси менен индиялык Сушил Кумар килем үстүндө күч сынашат.

84- кг. салмактын финалына ирандык Меди Мансори менен монголиялык балбан Гангориж чыкты. Кимиси утса Азия чемпиону аталат.

Эркин күрөш боюнча 20-Азия чемпионатынын эр-азаматтарынын оор салмактагы чемпиону да бүгүн кечинде аныкталат. Финалга казакстандык Марип Муталимов менен ирандык Фардин Масоуми Фалади чыгышты. Экөө тең былтыр Дохада өткөн 15- Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээлери болуп саналат.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун айтымында бүгүнкү таймашууларда казакстандык, ирандык жана монгол балбандары айырмаланды. Кыргызстандык балбандар экинчи күнү кечээкидей ийгилик жарата алышпады.

Ошондой эле 9- майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган эл аралык лейлек күрөшү да өткөрүлүп жатат. Балбандардын күч сынашуусуна 300 жигит катышып, учурда жеңүүчүлөрү аныктала элек.

Быйылкы Лейлек күрөшүн өткөрүүгө Лейлек районунун Тогузбулак айыл өкмөтү демөөрчү болушуп, баш байгеге “Фиат” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа баш болгон баалуу сыйлыктар коюлганын, мелдешке өлкөгө таанымал балбандар катышып жатканын турнирдин башкы калысы Султанбек ажы Момунов билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG