Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

ДОНОРЛОРДУН ЖАРДАМЫ КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧАЛЫК ҮЗҮРЛҮҮ БОЛДУ?


Кубатбек Чекиров СССРдин тутумунда экенде союздук бюджеттен дотация менен жашаган Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери эл аралык донор уюмдардын колдоосу менен жашап келатат. Анын ичинде бекер берилген каражаттан сырткары насыяга алган акчасы азыркы күндө эки миллиард доллардан ашып, мойнунда карыз болуп, аны кандай төлөштү билбей башы катып турат. Ошол себептүү сырттан келген жардамдын эффективдүү пайдаланылбай, айрым учурда бийликтеги шылуундардын олжосуна айланып кеткенин айтып сындаган маанай журт ичинде күчтүү. Донор өлкөлөрдүн жана эл аралык каржы уюмдардын өкүлдөрү жакында Бишкекте маалымат каражаттары менен болгон жолугушууда Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу өркүндөп, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш болмоюнча сырткы жардамын үзүр-убайы жакшы болбой турганын белгилешти.

Кыргызстанды өнүктүрүүгө каржылык колдоо көрсөтүп келаткан уюмдардын арасында Эл аралык Валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Америка Кошмо Штаттары, Япония, Швейцария, Германия, Улуу Британия сыяктуу кубаттуу өлкөлөр бар. Эл аралык донорлор Кыргызстанга көрсөткөн жардамынын натыйжасын негизинен жаман болгон жок деп эсептешет. Кыргызстанга 50 млн доллардан ашык каржылык колдоо көрсөткөн Швейцариянын эл аралык кызматташтык бюросунун Кыргызстандагы жетекчиси Ханспитер Маардын айтымында, мындан беш-алты жыл мурда Кыргызстандын калкынын абалы абдан начар болчу, адамдар депрессияга чөгүп, эмне кыларды, кандай жол менен кетерди билбей турушкан. Ал эми Кыргызстандагы бүгүнкү көрүнүш таптакыр башкача:

- Балким мен Бишкек менен Оштогу же башка областтардагы көрүнүштү гана айтып жаткандырмын, бирок бизнестин кулач жайып өнүгүп атканы чындык, автомашиналар көчөгө батпай аябай көбөйдү, түркү-түркүн дүкөн магазиндер ачылууда, -дейт Ханспитер Маар.

Сырттан келген каржылык жардам бийликте отурган шылуундардын колу менен таланып, бир ууч топтун гана багын ачты, ал эми элдин жашоосу баягы эле өчөйгөн абалда турат деген сын-дооматтарды Кыргызстанда четтен эле угууга болот.

Бишкектик журналист Александр Кулинскийдин айтымында, Кыргызстанда эл аралык донор уюмдары берген каражаттар бюджетти колдоо, пенсия төлөө же адам укуктары, сөз эркиндигин коргоо сыяктуу максаттарга жумшалып кетип, донорлор экономиканы, инфраструктураны өнүктүрүүгө жакшы көнүл бурбай келишти.

- Мен алар айткан оптимизди көрбөй турам. Мындан он минут мурда коңшум экөөбүз бул өлкөдөн кантип кетүү жөнүндө сүйлөштүк. Өлкөнүн жашоочуларынын басымдуу бөлүгү ушундай беймаза ойго чөгүп турат, -дейт Александр Кулинский.

Донорлор Кыргызстанга сырттан келген жардамдын ойдогудай натыйжалуу болбой калгандыгына айрым бир деңгээлде калк ырыскысын кыйган коррупция себеп болуп жатканын да белгилешет. Жыл сайын донорлор кыргыз өкмөтү менен болгон чогулушта дал ушул көйгөйгө орчундуу көнүл бурушат. Жакында өткөн жыйында дагы донолор кеңеши Кыргыз өкмөтүнө мамлекеттик башкаруунун өркүндөтүп, коррупциянын деңгээлин кыскартмайынча көп аракет текке кетерин белгилеп, акыл-кеңештерин дагы бир ирет билдиришти. Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Карлос Заканини коррупцияга каршы күрөш донорлоп какшап айтып аткан маселенин маселеси экенин белгилейт.

- Эгерде ушул күрөш ийгиликтүү жүрсө элдин жашоосу өркүндөйт. Бирок, антикоррупциялык өнөктүктү кантип ийгиликтүү ишке ашыруу керек, бул жөнүндө эчтеме айта албайбыз. Силердин өлкөдө коррупцияны биз донорлор жеңип бере албайбыз. Бул жерде эл-журт өзүнүн милдетин өтөш керек, маалымат каражаттары жигердүү иштеш керек. Жалпы журт, жарандык коом бул маселеге канчалык катуу киришсе өлкөнүн турмушунда ошончолук жылыш болот,-дейт Карлос Заканини.

Кыргызстан эл аралык уюмдардын, атап айтканда "Transparency International" уюмунун иликтөөсүнө караганда коррупциянын рейтинги боюнча 2006-жылы 163 мамлекеттин ичинен 145 орунга чыккан.

XS
SM
MD
LG