Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАҢЫ 'КОНСТИТУЦИЯСЫ' БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 23-июлда Брюссел шаарында өткөн жыйынында башка маселелер арасында - "Реформа келишими" деп аталган эски конституциянын жаңы долбоору талкуулана баштады.

Европа Биримдигине он бештей мамлекет мүчө болгон кезде уюмдун бирдиктүү конституциясы даярдала баштаган, бирок анын тексти толук иштелип чыкканга чейин Биримдикке дагы он чыгыш европалык мамлекет мүчө болуп кирген жана уюм азыр 27 өлкөдөн турат.

Конституция 2004-жылдын күзүндө Рим шаарында өткөн бийик жолугушууда кабыл алынган, андан бери аны 18 мамлекет бекитти, бирок 2005-жылы Франция менен Нидерландда өткөрүлгөн референдумда ал четке кагылгандан кийин, конституция жөнүндө сөздөр токтоп калган. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Биримдикте Алмания төрагалык кылганда, ал тууралуу сүйлөшүүлөр кайра башталган жана июндун аягында өткөн бийик жолугушууда Европа жетекчилери аны анча-мынча өзгөртүп, кайра кабыл алууну чечкен.

1-июлдан тартып Биримдикте Португалия төрагалык кылууда жана анын айтымында, 18-19-октябрда Лиссабон шаарында өтө турган бийик жолугушууга чейин документ толук иштелип чыгууга тийиш. Ал тууралуу сүйлөшүүлөр - Брюссел шаарында 23-июлда өткөн Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында башталды жана Португалия - "Конституция" дегендин ордуна "Реформалар келишими" деп аталган долбоорду тартуулады.

Жалпы атын өзгөрткөндөн тышкары, документтен герб жана гимн тууралуу беренелер дагы алып салынды, анткени айрым өлкөлөр - аны менен мамлекеттерден турган супермамлекет түзүлүп жаткандай деп, ага каршы чыккан.

Анткен менен жаңы Келишим боюнча "Биримдиктин кеңеши" деген жетекчилик уюм түзүлөт жана ал Кеңештин эки жарым жылга шайланган президенти болот. Биримдиктин тышкы саясатын аныктаган жетекчи Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары катары иштейт.

Азыр Биримдиктеги чечимдер жалпы мунаса аркылуу гана кабыл алынат жана кайсы бир чечимге ар бир кичине мамлекет каршы чыгып, аны кабыл алдырбай коюшу мүмкүн. Четке кагылган конституцияда - чечимдер жалпы көпчүлүк аркылуу кабыл алынууга тийиш болчу, бирок кичине мамлекеттер ага каршы чыккан, ошондуктан жаңы Келишимге - "эки жолку көпчүлүк" деген принцип киргизилүүдө. Кайсы бир чечимди кабыл алыш үчүн ага - Биримдикке кирген мамлекеттердин 55 пайызы добуш берүгө тийиш жана ал мамлекеттерде - Биримдиктин жалпы калкынын 65 пайызынан кем эмеси жашаш керек. Бул принцип 2017-жылга чейин иштейт жана ага чейин же аны кийин дагы колдонуу, же анын ордуна башка эреже табуу боюнча макулдашуу керек болот.

Эксперттердин айтымында, жалпысынан алганда жаңы Келишимде мурдагы конституциянын 90 пайызга жакыны сакталып калууда жана айрым өзгөрүүлөр өзгөрүү деле эмес, жөн гана мурдагы принциптер башка сөздөр менен аталууда.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу 23-июлдагы жыйында билдиргенге караганда, жаңы Келишим Евробиримдиктин ишин жакшыртат: "Реформалар келишими Европага пайда алып келет. Демократиялык жоопкерчилик боюнча, тышкы саясаттагы биримдүүлүк жана жалпы маселелер күчөп бараткан азыркы дүйнөдөгү жалпы ишкердүүлүктү жакшыртуу үчүн пайдалуу болот", -деди Баррозу.

Быйыл күзүндө Келишимге кол коюлса, ал 2009-жылдын жай айларына чейин бардык мамлекеттер тарабынан бекитилет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG