Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

ПАРИЖ-БЭЭЖИН-ПАРИЖ ЭСКИ УНААЛАР КЕРБЕНИ КЫРГЫЗСТАНДАН ӨТҮҮДӨ


Парижден сапар улаган эски үлгүдөгү автоунаалар кербени Кыргызстандын аймагында Карабалта-Бишкек-Нарын-Торугарт багыты аркылуу жүрүп, 14-августта Нарынды көздөй сапар алды. Париж-Бээжин-Париж багыты боюнча эски автоунаалардын жүрүшү алты өлкөнү аралап, Кыргыз жергесине 13-августта келди.

Франциялык «Ситроен» үлгүсүндөгү эски автоунаалар кербени Кыргызстанга Чалдыбардагы чекара аркылуу өтүп, Карабалта-Бишкек багытында келип, “Аккеме” мейманканасында өргүштү. Жалпысынан бул жүрүштө европалык 129 айдоочу: ”Ситроен” үлгүсүндөгү 36 жеңил унаа, «Жип» үлгүсүндөгү 16, жүк ташуучу 4, бир тез жардам автоунаасы жана 10 мотоцикли Кыргыз жергесин аралап өтүп баратышат.

14-августта таң эрте автожарыштын катышуучулары Бишкектен биринин артынан бири удаа Нарын-Торугартты көздөй багыт алышты. Бүгүн алар Атбашыдагы Ташрабат тарыхый-этнографиялык борборго жетип өргүшөт. Франциянын борбору - Париж шаарынан башталган авто кербени үчүн Кыргызстан жетинчи өлкө болду. Автокербен мындан сырткары дагы Европа жана Азиянын тогуз өлкөсүнүн аймагын аралап өтөт. Алар Бээжинге чейин жетип кайра Монголия, Орусия аймагы аркылуу өтүп сапары Парижде жыйынтыкталат. Ушул автораллиге катышкан франциялык Ремми Чеснел Кыргызстандык чек арачылар текшерүүлөрдү тез, ыкчам бүткөргөнүнө ыраазычылыгын билдирди:

- Бул иш-чарага өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, чек ара, бажы жана башка текшерүүлөрдү тез бүткөрүүгө көмөк көрсөтүштү. Ар бир машинаны бир мүнөттө чек арадан өткөрүп беришти. Биз өткөн мурдакы 6 өлкөдө мындай көрүнүш болгон эмес.

Улуу Жибек жолундагы өлкөлөрдү аралап өтүп жаткан ретро автокербендин Кыргызстандагы жүрүшүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, өлкөнүн туризм агенттигинин деректири Турусбек Мамашовдун пикиринде Париж-Бээжин-Париж автокербени Кыргыз жергеси аркылуу өтүшү, өлкөнү дүйнөгө таанытууга өбөлгө болуп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө ыңгайлуу жагдай түзөт.

- Ушул автожарыштын катышуучуларын Бишкекте тосуп алып, элибиздин меймандостугун көрсөтүп, улуттук ыр-бий тартуулап, Кыргызстанды таанытууга өбөлгө болду. Кыргызстандын аймагына келген автожарыштын катышуучуларын чек арадан бажы жана башка кызматтары тез, ыкчам өткөрүүгө, аларга тоскоол болбоого аракет кылып, катышуучулардын ыраазычылыгын алдык.

Автожарыштын катышуучуларынын Кыргызстанда болушу чет элден туристтердин келишине чоң жарнама экенин, мындай жүрүштү кыргызстандыктар деле кийин уюштурууга болоорун бишкектик Бакыт Кармышов да кошумчалады:

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Ошондуктан реклама, маркетинг кызматын колго алуунун бир ыңгайы, мүмкүнчүлүгү ушул Эл аралык Париж-Бээжин-Париж автораллисинин Кыргызстан аркылуу өтүшү болду. Мындай демилгени өзүбүз деле кийин уюштурсак болчудай.

Париж-Бээжин-Париж автокербенинин мүчөсү белгиялык Марникс Вагененди франциялык «Ситроен» үлгүсүндөгү автоунаасы эски болгону менен ишенимдүү, ынгайлуу экенин билдирди.

- Бул унаа мен үчун абдан ыңгайлуу, муну менен тоодо да, чөлдө да жүрүүгө болот. Европанын көп өлкөлөрүн кыдырдым. Автоунаанын тетиктерин кыйынчылык менен таап, калыбына келтирдим. Бул автоунаа менен жашоомдун бир бөлүгү, жан досум болуп калды. 30 миң чакырым жол басып Пекинге чейин барып,кайра Монголия, Орусия, Украина жана Европа өлкөлөрү аркылуу Парижге барабыз.

Өлкөнүн тургундары эски үлгүдөгү авто унааларды көрүү жана таанышуу ыңгайы да түзүлдү. Өткөн жылы да Голландиядан башталып, Бээжинде аяктаган эски үлгүдөгү 100 автоунаа катышкан ралли Бишкек аркылуу өткөн. Бул жолку авторалли Кыргызстандын аймагында 15-августка чейин созулмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG