Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

ТЕМИР ЖОЛДОГУ ЖАРДЫРУУГА УЛУТЧУЛДАР ДА ШЕКТЕЛҮҮДӨ


Амирбек Азам уулу, Парага Москва-Петербург темир темир жолунда 13- августа болгон жардыруу тергелүүдө. Бурга-Малая Вишера ортолугундагы жардыруудан 60 чакты жүргүнчү жарадар болуп, темир жол иштен чыккан эле. ИНТЕР ФАКС агенттиги атын атабоону өтүнгөн тергөөчүлөргө шилтеп, жардырууну улутчул экстремисттер уюштурду деп шектелип жатканын маалымдады. Орусиянын башпрокурорлугу бомба чабуулуна чечен козголоңчуларынын тийиштиги бар деген версияны да териштирүүдө.

Бурга-Малая Вишера ортолугундагы жардыруу тууралуу Орусиянын Түндүк Батыш Федералдык округунун баш прокурору Сергей Ведниченко 14- августа мындай деп билдирген:

- Поезд колдо жасалган жардыргычтын жарылуусунан кыйроого учураган. Кылмыш кодексинин 205- беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бул деген терроризм.

Тергөөчүлөр түрдүү версиялардын үстүнөн иштешүүдө. ИНТЕР ФАКС агенттиги тергөө тобунунун атын атабоону суранган мүчөлөрүнө шилтеме жасап, “Невский экспресс” поездин улутчул экстремисттер жардырган сыяктанат деп билдирди.

Федералдык чалгындоо кызматынын башчысы Николай Патрушев Москва-Петербург темир жолундагы террорчулукту Түндүк Кавказдагы кырдаал менен байланыштырып, Грозный-Москва каттамында 2005- жылдын 12- майында болгон жардырууну эске салды.

Грозный-Москва поезди Москвадан 153 чакырымдагы Узуново станциясына жакын жерде жолдон чыгып кетип, 15 киши жабыр тарткан. Тергөөчүлөр Бурга- Малая Вишера ортолугундагы жардыруу Узуноводогу жардырууга окшош экенин аныкташты. Узуноводогу кырсык үчүн быйыл апрелде мурдакы илимий кызматкер Владимир Власов 18 жылга, “Гормост” ишканасынын мастери Михаил Клевачев 19 жылга кесилген.

Орусиянын баш прокурорлугунун өкүлү Марина Гридневанын ИНТЕР ФАКСка айтышынча, тергөөчүлөр чечен версиясын да караштырып жатышат. Мурдараак Башпрокуратура жардырууга катыштыгы бар деген адамдардын биринин фотороботу тартылганын, ага караганда террорчу слявян өңдүү адам экенин маалымдаган.

Бул тушта өзүн “Риядас Салихин” деген топтун орун басар командиримин деген адам “Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматына телефон кагып, Петербург- Москва темир жолундагы жардыруу Орусиянын Чеченстанда жасаган кылмыштары үчүн өч алуу экенин билдирди. Бирок, бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. «Риядас Салихин» тобун атактуу чечен козголоңчусу Шамил Басаев 2006- жылы аны орусиялык чалгынчылар өлтүргөнчө жетектеген.

XS
SM
MD
LG