Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

ТҮРКМӨНСТАН БОРБОР АЗИЯ ТАЙМАШЫНЫН ЖАҢЫ ПОЛИГОНУ БОЛОБУ?


Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити жума күнкү санында Кыргызстанда кыз качыруу деген социалдык илдет тууралуу ири бир макаласын жарыялап, бул өлкөдө заманбап жашоо турмуш образына каршылык билдирүүнүн белгиси иретинде көптөгөн кишилер зордук менен кыз качырып үйлөнүп жатышкандыгын бышыктаган. Макалада 21 жаш курагында 3 киши тарабынан машинага зордук менен салынып качырылып кеткен бир кыздын башынан өткөн окуялар айтылып, кылымдар бою келаткан бул адат эми акырындап адам укуктарын коргоо уюмдарынын сын пикирлерин пайда кылып жатканы баяндалат.

Wall Street Journal болсо Түркмөнстандагы кийинки өнүгүүлөргө сереп салган макаласында бул өлкө барган сайын АКШ, Россия, Кытай жана Европанын ортосундогу энергетика ресурстарына болгон аймактык таймаштын полигонуна айланып бараткандыгын далилдеп, декабр айында Сапармурад Ниязовдун кайтыш болгонунан бери карай бул өлкө эшиктерин батыштык мунай жана газ фирмаларына ачып баштаганын билдирет. Россиянын президенти Россия менен Кытай үстөмдүккө ээ болуп жатканын; эки тарап кол койгон газ түтүктөрү боюнча келишим Евробиримдиктин шагын сындырып, Борборазиянын газын Иран, Түркия жана Чыгыш Европа аркылуу алып чыгууну болжогон ЕБ-тин Набуко газ долбоорун жараксыз кылып коюу коркунучу пайда болгонун баса белгилейт.

Eurasia View аталышындагы вебсайтта Азербайжан менен Израилдин өнүгүп бараткан өз ара мамилелерине талдоо жүргүзүлүп, бул тенденция Азербаижандын аймактык өнөктөштүктөргө канчалык ынтызар экенинин даана белгиси экени билдирилет.

NYT гезити Түркиядагы кийинки президенттик шайлооулор тууралуу жазган бир макаласында эски исламчыл саясатчы Абдуллах Гүлдүн өлкөнүн президенттигине шайлануусу демократия үчүн болгон чоң бир жеңиш экенин билдирет. Өзүн Түркиянын секуярдуу лаик системасынын сакчысы катары тааныган армия Гулдүн апрел айында шайлануусуна бөгөт боло алган менен, өкүмөт генералитетке мойун сунбай мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоого барганы жана анан бир саясатка кийлигишмей өнөкөтү болгон армия мындан ары өзүнүн НАТОдогу өнөктөштөрү өңдүү шайланган өкүмөттөргө жол ачып, өзн саясаттын четинде туруш керек экенин билдирет.


Neue Zurcher Zeitung Түркиянын башкаруудагы жаңы өкүмөтү алдыдагы 5 жылдын аралыгында өлкөнүн экономикасын андан ары өнүктүрүп, реформаларды мындан ары чечкиндүү улантуу аркылуу мамлекетти Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө даярдай турганын жазат. ПМ Режеп Таййип Ердогандын өкүмөтүнүн жума күнү парламентте окулуп берилген жаңы программасына сереп салып, NZZ жаңы өкүмөт өлкөнүн башкы мыйзамын алмаштырууну болжоп жатканын билдирет.


Аким Өзгөн
XS
SM
MD
LG