Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Д. САДЫРБАЕВ : МЕНИН КӨЗҮМДҮ ТАЗАЛООГО КЫЛМЫШ ДҮЙНӨСҮНӨ БУЙРУК БЕРИЛДИ


Жогорку Кеңештин депутаты, Аксы окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаев өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын бүгүн парламентте жарыя кылды. Анын айтуусунда комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгынын ачыкка чыгуусун каалабагандар депутаттын көзүн тазалоону кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына тапшырышкан. Парламент Дооронбек Садырбаевдин билдирүүсү боюнча атайын токтом кабыл алып, анын коопсуздугун камсыз кылууну Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.

Башкы прокуратура Аксы окуясына байланыштуу Султан Урманаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук сурап кайрылганда парламентте анын депутаттык кол тийбестигин алып салуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы 14-сентябрда ачыкка чыкмак. Комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Дооронбек Садырбаев жыйынтык тууралууу жазылган докладын үзбөй-кеспей берүүсүн 3-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө МТРКдан талап кылган. Бул билдирүүсүнөн кийин, кечээ түнү өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы тууралуу маалымат алгандыгын депутат бүгүн парламентте жарыя кылды:

-Кечээ түнкү саат бир жарымда мага таптакыр чоочун адамдар келип, мага каршы иш уюштурулуп жатканын, менин өмүрүмө коркунуч туулуп жаткандыгын айтып кетишти. Алар кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына менин көзүмдү тазалоо үчүн акча берүү тууралуу сөздөр айтылып жаткандыгын айтышты. Бирок мен өлүмдөн коркпойм, мен өлгөн күнү да докладдын бирден нускасы ар бир кыргыздын үйүнө барып түшөт.

Дооронбек Садырбаев иликтөөнүн жыйынтыгын ачыкка чыгарбоосу үчүн кимдир-бирөөлөр тарабынан ага 1 млн доллар сунушталгандыгын да журналисттерге маалымдады.

Депутат Темир Сариев Садырбаевдин билдирүүсүнө саясий маани берүү керек деп эсептейт. Анын “Азаттыкка” айтканы боюнча бул маселени Коопсуздук Кеңешинде көтөрүп чыгуу керек:

-Бул өтө маанилүү маселе. Керек болсо муну коопсуздук кеңешинде көтөрүп чыгуу керек. Анткени буга чейин жашыраак депутаттардын өмүрүнө кол салуу, өлтүрүү болуп келген. Эми улгайгандарга өтө башташтыбы? Эгерде телефон чалып же башкача коркутуулар боло турган болсо, күч органдары аракет кылууга тийиш.

Темир Сариевдин сөзүнө кошулган Азимбек Бекназаров мындай билдирүүлөр парламенттин жыйын залында буга чейин да айтылганын, бирок тиешелүү маани берилбегенине байланыштуу айрым депутаттардын өмүрү кыйылып калгандыгын айтып чыкты:

-Раматылык Баяман Эркинбаев да ушул жерден “өмүрүмө коркунуч туулуп жатат” деп чыркырап жатып эле, анан ал реалдуу түрдө ишке ашып кеткен. Унутпашыбыз керек, биздин заманда бардыгын күтсө болот, -дейт Азимбек Бекназаров.

Депутат Дооронбек Садырбаевдин билдирүүсүнө байланыштуу парламент атайын токтом кабыл алып, Дооронбек Садырбаевдин коопсуздугун сактоону Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды. Вице-спикер Кубаныбек Исабековдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Садырбаевдин өмүрүн коргоого жумшалган каражатты ЖК төлөп берет:

-Мыйзам боюнча парламенттин төрагасына гана жансакчы алып жүрүүгө уруксат берилген. Андан тышкары айрым депутаттар өз чөнтөгүнөн акча төлөп, жансакчы алып жүрүшөт. Мен өзүм да Кумтөр, паспорт тууралуу маселе козгоп жүргөн учурда коркутуп-үркүтүүлөр менин дарегиме да болгон. Ошондуктан, бул маселеге олуттуу мамиле кылып, атайын токтом кабыл алынды. Дооронбек Садырбаевдин коопсуздугун сактоону ички иштер министри Болотбек Ногойбаев менен коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталиновго тапшырдык. Буга кеткен каражатты парламент төлөп берүүгө милдеттүү.

Кубанычбек Исабеков депутаттардын өмүрүнө коркунуч келтирилген учурлар мурда да болуп келгендигин айтып, бул маселеге көңүл кош мамиле болбоого тийиш деп кошумчалады.

ЖК депутаты Султан Урманаевдин кол тийбестигин алып салуу боюнча депутаттык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн мазмуну азырынча белгисиз. Аксы окуясына байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан айыпталып жаткан депутат Султан Урманаев да иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныша электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде бул жерде Аксы окуясын аягына акыйкат чыгарууну каалабаган атайын кадамдар болуп жатат:

-Иликтөөнүн жыйынтыгы менен мен да тааныша элекмин. Ар кайсы маалымат каражаттарынан эле окуп калып жүрөм, Акаев айыпталыптыр, Бакиев күнөөлүү экен деп жазылган деген маалыматтарды. Менин оюмча Дооронбек Садырбаевдин комиссиясы жүргүзгөн иликтөөнүн жалпы элге жарыяланбашын каалагандар бар, мына ушулар аны коркутуп жатышат. Ошол эле адамдар Аксы окуясын аягына чейин акыйкат чыгарбоого кызыкдар.

ЖК депутаты Султан Урманаев Аксы окуясынын тушунда Жалалабат облусунда губернатор болуп иштеген. Ага Баш прокуратура тарабынан “өз ишине шалаакы мамиле жасаган” деген айып тагылууда.

2002-жылы 17-18-мартта Аксы районунда милициянын аткан огунан 5 киши курман болуп, бир нече адам жаракат алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG