Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Еврошаркет уюмдун башкаруучу институттарын реформалоо боюнча келишимге жетишти


Бул тууралуу шаркеттин Португалия борбору – Лиссабондо өтүп жаткан саммиттинде жарыяланды. Тараптар мунасага жетишүү үчүн Италия менен Польшанынын келишимдин айрым жоболорун өзгөртүү жөнүндөгү талаптарына көнүшкөн. Жаңы келишим Еврошаркеттин мурда сунуш кылынган Конституциясын алмаштырчыдай. 2005-жылкы референдумда ал документи Франция менен Нидерландиянын калкы четке каккан болчу. Эгер жаңы келишим шаркеттин 25 өлкөсү тарабынан ратификацияланса, 2009-жылдан тарта күчкө кирет.

XS
SM
MD
LG