Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

20:05 Добуш берүү аягына чыкты


БШКнан алынган маалымат боюнча бүгүн кечки саат 20:00 жалпы Кыргызстан боюнча бардык шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Ушул тапта участкалык шайлоо комиссиялары байкоочулардын катышуусу менен добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга киришти.
Бүгүн жалпы өлкө боюнча 2190 шайлоо участогунда добуш берүү болду. Саат 17:00 карата БШК тараткан маалымат боюнча шайлоочулардын 63% ашууну добуш берүүгө катышкан. Референдумдун жүрүшүнө көз салган айрым байкоочулар болсо чыныгы иш жүзүндө добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны 15% гана болгонун билдиришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG