Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

ОШТО РЕФЕРЕНДУМГА БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАГАНДАР БОЛДУ


21-октябрда Ошто жалпы элдик добуш берүүгө байкот жарыялаган жарандар байкалды. Айрым мекендештерибиз референдум өтө чукул коюлгандыктан, жаңы Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин долбоорлору менен таанышууга үлгүрүшпөгөндүгүн билдиришти.

Жолдон кезиккен кишилерге микрофон сунганыбызда, ар кыл ойлорун ортого салып, а түгүл үндөөлөрүн да жар салганга үлгүрүштү.
Ноокат районунун жашоочусу Анна Горбунова Конституциялык реформа жүргүзүү зарылдыгы туурасындагы эл үнү мамлекет жетекчилигине угулгандыгына кубанганын жашырбай, көпчүлүк тилеги акыры аткарылып жатканына ичи жылыгандыгын мындайча бөлүштү:

- Конституционная реформа наконец наступает. Это желание большинства рядовых граждан Кыргызстана.

Алайлык жазуучу Муса Сапаев саясий шоулардан калк тажагандыгын баса белгилеп, журт каймактары ыркырашпай ымалага келишин тилеп, өлкө тагдырын чечүүчү референдумду үзгүлтүккө учуратпоого мекендештерин үгүттөп жүрдү:

- Референдум эң жогорку деңгээлде өтүш керек. Эл активдүү катышышы керек. Жетишет рефрендум, Конституция деп жүрө бериш, иштеш керек.

Бишкектен түшкөн конок Николай Баженов «Кыргызстан кыйналып турганда миллиондогон каражат чачып, референдум уюштуруунун кажети жок эле. Андан көрө ошончо акчаны экономиканы өйдөлөтүүгө жумшасак, утмакпыз! Анын үстүнө чукул коюлуп калды. Долбоорлор менен толук танышкан жокмун. Ошондуктан, добушумду ыраа көрбөдүм» деген позицияда.

Ушул күнү республиканын түштүк борборунда Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгынан соттун чечими менен четтетилген «Голден Гоэл» бейөкмөт уюмунун башчысы Алишер Мамажановдун беш жүздөй тарапкери референдумга катышпай, дале мурдагыдай добуштарды бурмалоолорго жол коюлаарын кыйытып, бойкот жарыялашты. Анын себебин:

- Сот бул жерде туура эмес чечим чыгаргандыктан, биз байкот жарыялап, шайлоого барган жокбуз, - деп чечмеледи Алишер Мамажанов.

Аймактык шайлоо комиссияларынын маалымдашынча, 21-октябрдагы референдумга Ош облусунан 595 277 жана Ош шаарынан 132 007 жаран тизмеге киргизилген. Саат 13.00гө карата Ош облусунда 327 931 адам добуш берип, активдүүлүк 55,1 пайызды түздү. Ал эми шаарда 69810 адам добуш берип, активдүүлүк 52,7 пайызды чапчыды. Саясий өнөктүктүн толук жыйынтыгы 22-октябрда түштө араң билинет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG