Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ: ТАЛАШТУУ МАСЕЛЕЛЕР ТАРЫХТА КАЛСЫН, ЖАҢЫ ШАЙЛООГО БАРАБЫЗ


Жогорку Кеңештин кечээ президент тарабынан таратылып жиберилиши боюнча азыр коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, бул маселелер кызуу талкууга алынууда. “Азаттык” менен түз ободогу маекте ушул маселенин тегерегинде ЖК төрагасынын орунбасары Тайырбек Сарпашев ой-пикир бөлүштү.

- Кечээ бул жардык жарыялана электе эле айрым депутаттар мандаттарын тапшырып, айрымдары парламентти тарап кетүүгө чакырып чыгышты эле. Парламентти таратуу боюнча президенттин чечимин Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Негизинен бул акыркы бир-бир жарым айдын ичинде боло турган маселе болчу. Көпчүлүк депутаттар, саясатчылар билген. Өзгөчө Конституциянын эки долбоорун тең Конституциялык Сот жокко чыгаргандан кийин, андан кийин референдум өткөндөн кийин сөзсүз түрдө парламент жаңылануусу керектиги тууралу ой логикалык жактан келип чыгып аткан. Айрымдар депутаттарда парламент тарабасын, дагы бир жыл иштесин деген ойлор болгон, бирок ошого карабастан парламенттин тарашы мен үчүн жаңылык болгон жок. Мен жеке өзүм моралдык жактан дагы даяр элем. Анткени бул жаңылануу. Жаңы парламент келиш керек.

Албетте, мамлекет башчысы жеке өзүнө жоопкерчиликти алып, парламентти таратты. Ал эми жаңы парламент жаңы күчтөрдүн келишине жол берет. Биз парламентти туура эмес таратты дей берсек элдин алдында моралдык жактан дагы кандайдыр өзүбүздүн ордубузга жабышкандай, талашкандай болобуз. Өзүңүз көрдүңүз кечээ биз жарлык чыккандан кийин эч кандай ызы-чуу чыгарбастан тарап кеттик. Демек биз кийинки шайлоого даярбыз.

- Сиз жогоруда айткандай, бул маселенин мыйзамдуулугу боюнча да бир топ талаш-тартыш пикирлер айтылууда. Мисалы, айрым депутаттар бул президенттин жардыгы негизсиз, Баш мыйзамга каршы деген пикирлерин айтышты. Ушул маселенин мыйзамдуулугу боюнча эмне айта аласыз?

- Мыйзамдуулугу боюнча талаштар көп. Албетте, 2003-жылдын Конституциясына кайра келип таянганы, аны ноябрда, декабрда жокко чыгаргандыгыбыз тууралу көп эле талаш тартыш болуп келди. Бирок азыр мыйзамдуулугун талашуунун кажети жок, анткени тарых алдыга кетти. Биз муну менен талашып отуруп кандайдыр бир өзүбүздүн ордубузга тырмышкандай болуп көрүнөбүз коомчулукка. Ошондуктан муну тарыхка койдук. Ал эми биз жаңы шайлоого катышууга жөнөйбүз

- Чукул парламенттик шайлоо жарыяланаары белгилүү. Мындан аркы кырдаал кандай өнүгөт деп ойлойсуз. Кээ бир саясатчылар айтып атпайбы, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деп?

- Албетте, ар бир шайлоо, өзгөчө парламенттик шайлоолор кызуу кандуулук менен, ар кандай жетишээрлик деңгээлде талаш-тартыш менен, саясий күчтөрдүн катуу тирешүүсү менен коштолот. Биз 100 пайыз партиялык шайлоо менен биринчи жолу баратабыз. Мурдагы бир мандаттуу шайлоо округунда кандай болсо, бул деле ошого барабар болгон талаш-тартышты туудурат. Анткени, бул жерде партиялар, регионалдык лидерлер башын бириктирип шайлоого чыгышат. Ошондуктан ар кандай талаш-тартыш болушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде айыл-айылга, же уруу-урууга бөлүнүү бир аз азаят деп ойлойм. Бирок саясий күрөш күчтүү болот.

- Сиз Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары катары айтсаңыз, азыркы парламент тууралу ар кандай пикирлер айтылып келди буга чейин деле. Кечээ таратылган парламент өзүнүн миссиясын канчалык аткара алды?

- Өкмөт, мамлекет башчылары маалымат каражаттары алардын колунда болгондон кийин, өзүнүн кемчиликтерин дайыма парламентке арта салуу адаты жалгыз эле Кыргызстанда эмес дүйнө жүзүндө бар. Бул Кыргызстанга дагы тиешелүү. Ошондой болуп келди эки жарым жылдан бери. Мурдагы парламент шайланаары менен эле депутаттарга терс коомдук пикир түзүүгө аракет кылып келген. Мен көзү ачыктык кылбай эле коёюн, бирок кийинки парламент шайланып келгенде деле канчалык президентти жактаган депутаттар көп келбесин, баары бир депутаттар коомчулуктун астында мусор толтура турган чакага айландырууга дайым далалат кылып келген. Кимдин колунда ММК болсо ошол киши депутаттарды сөзсүз түрдө күнөөлөйт.

- Бул чейин сиз “Ата мекен” партиясына мүчөө элеңиз. Бирок кийинчерээк бул партиядан мүчөлүгүңүздү токтотконуңуз белгилүү. Сиз жаңы шайлоого кайсы партия менен барасыз?

- Мен жакынкы 2-3 күндүн ичинде жаңы муундардан, жаңы саясатчылардан, мурда коммунисттик партиянын доорунда кызмат кылбаган жана кийинки формациядагы рыноктук көз караштагы жаш саясатчылар менен бир топ түзгөнгө аракет кылабыз. Ошол партия менен шайлоого чыкканга аракет кылабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG