Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

8:39 “Ак жол” партиясынын катарына кошулууну каалагандардын талапкерлиги өз-өзүнчө каралат


“Ак жол” Элдик партиясына кирүү боюнча бардык арыздар партиянын саясий кеңеши тарабынан каралат. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз тобу тараткан билдирүүдө айтылат. Кечээ “Ата журт” партиясы президенттик “Ак жол” элдик партиясына кошулуу чечимин кабыл алганын экс-депутат Камчыбек Ташиев билдирген. Анын айтымында, “Ак жолго” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садыр Жапаров, Жаныш Кудайбергенов, Ахматбек Келдибеков жана саясат таануучу Базарбай Темишов дагы кирди. “Ак жол” партиясы тараткан билдирүүдө, “Каалоочулардын партияга кирүү чечимин сыйлайбыз. Ошону менен бирге бул маселе партиянын саясий кеңешинде каралбагандыгын кошумчалап, партияга кирүүнү каалаган ар бир талапкерге байланыштуу чечим өз-өзүнчө карала турганын эскертебиз”,-деп айтылат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG