Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

8:44 Бирдиктүү оппозициялык блок партияларга коюлган 5% чекти өтө жогору деп эсептейт


16-декабрда өтө турган кезексиз парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке депутаттык орун үчүн ат салыша турган партияларга коюлган беш пайыздык чек өтө эле жогору деген пикири менен бөлүштү маалымат жыйынында бириккен оппозициялык партиялардын лидери Өмүрбек Текебаев. 10-октябрда президент Курманбек Бакиев Шайлоо тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда парламенттик шайлоодо өлкөнүн ар бир облусунан тизмедеги шайлоочулардын кеминде 0,5 пайызынын, ал эми жалпы өлкө боюнча 5 пайыз добуш алган саясий партия гана Жогорку Кеңешке келе алат деп айтылат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG