Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

АЙЫЛЧЫ САРЫБАЕВ: АТАМБАЕВ ЭКОНОМИКАДА АЛГЫЛЫКТУУ ЭЧ НЕРСЕ ЖАСАГАН ЖОК


Жаңы кабыл алынган Конституция күчүнө киргенден кийин кечээ президенттин жардыгы менен өкмөт кызматтан кетти. Бирок, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн милдетин аткаруу кайрадан эле Атамбаевдин өкмөтүнө жүктөлдү. Айрым серепчилер болсо бул өкмөт натыйжалуу иштей албагандыгын белгилешүүдө. Таңкы “Азаттыкка” экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев ушул маселелер боюнча ой бөлүшкөн.

- Сиз экономист катары айтсаңыз, буга чейин өкмөттүн ишине айрыкча экономикалык саясатына кандай баа бересиз?

- Атамбаев өкмөткө келип эч нерсе кылып деле үлгүргөн жок. Негизи өкмөт президент менен кошо келип, ошол кишинин программасы менен аны ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүү керек эле. Тескерисинче, бизде программасы жок эле жөн эле келип, өлкөнүн ичинде болуп жаткан болор-болбос кыймылы болсо өзүнө ыйгарып, биз кылдык, биз жасадык деген кадыресе көрүнүш болуп калды. Атамбаевдин бийликке келгени эмнегедир республиканын ичинде экономикалык өсүү болбой эле тескерисинче баалардын өсүүсүнө туш келди. Баа өскөндө дагы бөлөк өлкөлөрдөй 5-10 % өсүп токтоп калбай, эки үч эсеге чейин өстү. Баалар биздин 60-70 %тен ашык жардылык деңгээлде жашаган элдин абалына өтө тескери таасирин тийгизди. Кечээ күнү эле эл аралык финансы уюмдарынын берген маалыматын жарыя кылышты. Уюмдун берген маалыматында биздин 2 миллиондон ашык элибиз жакырчылыктын чегинен төмөн турушат экен. Мына ушундан улам эл турмушунун денгээли дагы эки эсе төмөндөп кетти деп белгилесек болот да. Мына өкмөттүн жетишкендиги.

Ал эми биздин өкмөт Атамбаев өзү баш болуп алып эле тигил кенди саттык, бул кенди сатып жатабыз, калган каткан мамлекеттик мүлктү сатыш керек деп эле сатуу жагын өзүлөрүнүн чоң иши сыяктуу көрсөткөнгө көнүп алышты. Ошондуктан бул өкмөттүн ишине биз эч качан оң жагына баа бере албайбыз. Ал эми отставкага кетиши бул эми кадыресе көрүнүш. Президент муну менен өзүнүн өкмөт мүчөлөрүн, министрлерин дагы бир эскертип жатат. Бул туура эле эскертүү. Иштей албасаңар кеткиле. Саясатты кааласаңар саясатка кеткиле деп жатат. Жок, иштейм деп аракет кылганыңар иштегиле деп жатат. Менимче бул жагынан туура эле маселе койду.

- Айылчы мырза, сиз мына жогоруда белгилегендей бул өкмөттүн тушунда азык-түлүккө болгон баа кымбаттап кетип, ушул маселе боюнча өкмөт көп жагынан сынга кабылды. Бирок, бул өкмөт болгону жети ай гана иштеди. Албетте, бул аз убакыт, бирок бул убакыттын ичинде өкмөт экономикалык багытта кандай иштерди жасаш керек эле?

- Экономикалык жактан алгылыктуу эч нерсе көрсөткөн жок. Булар уюштуруу иштерин жүргүзүш керек эле. Азык-түлүк проблемалар боюнча алдын ала баамдоолорду түзүп, реалдуу өндүрүштү жылдырууга аракет кылуунун ордуна булар тескерисинче тоо-кен өнөр жай болбосо электр тармагын сатты. Ошолордун баасын көбөйтүү аркылуу эле алектенип, эч кандай азык-түлүк бааларын арзандатууга салым кошкон жок. Тескерисинче булар алардын инфляциясына салым кошту десек болот.

- Айылчы мырза, референдумдун алдында баалар арзандаганы өкмөт тарабынан кайра-кайра айтылды эле. Бирок базарларда баалардын баасы төмөндөбөй келет.

- Бул рыноктун мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Себеби, бир көтөрүлүп алган баа оңой менен түшпөйт. Аны административдик күч менен басыш болбойт. Өзүбүз рынокко өтүп жатып, рыноктун системасын жактап ошол рыноктун мыйзамдары менен жашайбыз деп жатып кайра референдум болор алдында президент катуу кыйкырып койсо базарлардагы сатуучуларды коркутуп жүрүштү. Бааны төмөндөтпөсөңөр ордунардан айрыласыңар, жоготобуз дегенге чейин барып жатышты. Ошонун негизинде баа бир азга басаңдаган сыяктанган. Экинчи бир механизми жаратылыштын ар кандай катаклизмине каршы деп катып койо турган мамлекеттик резервди ошол инфляцияны басууга жумшоо бул жакшылыкка алып барбайт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги чыккынчылыкка чейин жатат. Бул өтө коопту нерсе. Кечээ өкмөттүн жыйынында президент айтты го анын ордун толтуруш керек деп. Анын ордун толтурмак турсун кайра жок кылып жатышпайбы. Базарга алып чыгып сатып жатышпайбы. Бул өкмөттүн отставкага кеткени эң эле туура. Кээ бир дээрлик кереги жок министрлерден, жарабаган жетекчилерден айрылуу мезгили келди деп эсептейм.

- Сиздин баамыңызда мындан ары өлкөдө экономикалык абал кандай болот?

- Экономикалык абал так ушундай эле болот. Баа көтөрүлсө көтөрүлөт, бирок ылдый түшүшү мүмкүн эмес. Бул өзү рыноктун өзүнүн закону. Анын үстүнө биздин тегерегибиздеги чек ара ачык болгондон кийин казак элинин жашоо деңгээли жогору болгондон кийин контрабанда гүлдөп өсүп турган мезгилде биздин республиканын ичинде тамак-аштын баасы ошол Казакстандын деңгээлинде өсө бериши ыктымал. Бул жагынан эгерде биз реалдуу экономикабызды өстүрүп, элибиздин кирешесин көбөйтпөсөк зыянга учурап, элибиздин абалы оорлой бериши ыктымал.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG