Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА 22 ПАРТИЯ АРЫЗ БЕРДИ


16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого карай партиялардын даярдык көрүүсү күч алды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу партиялардын ишенимдүү адамдарын, партиянын документтерин каттоого ала баштады. 25-октябрга карай документтерин тапшырган партиялардын саны 22 жетти. Каттоо иши жума күнү соңуна чыгат.

Парламенттик шайлоого өз алдынча барарын буга чейин «Ак жол», «Ата мекен», «Асаба», Социал-демократиялык, Коммунисттик партия жарыялаган. 25-октябрда шайлоого өз алдынча бараарын Абдыганы Эркебаев жетектеген «Таза коом”, Алмаз Орозбаков жетектеген Патриоттук партия, Арслан Малиев түзгөн «Аалам» партиясы жарыя кылды. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин жана ишенимдүү өкүлдөрүн сунуштап, өз алдынча шайлоого барууну көздөгөн партиялардын саны 22 жетти. Алардын арасында «Ар намыс», «Кайран эл», «Содружество», «Ватан», «Жаңы мезгил» жана башка партиялар бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков кабарлап, документтерди кабыл алуу 26-октябрда соңуна чыгаарын билдирди:

-26-октябрь саат 12:00 чейин дагы документтер алынат. Андан кечигип калгандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

«Шайлоо» кодексине ылайык катталган партиялар добуш берүү күнүнө 45 күн калганга чейин талапкерлерди көрсөтүп, 40 күн калганга чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.Бирок мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганда бул мөөнөттөр 1/3 кыскарат. Башкача айтканда, азыркы шартта саясий партиялар 15-ноябрга карай талапкерлерди көрсөтүүнү аяктап, 18-ноябрь кечки саат 18:00 чейин талапкерлердин тизмесин каттоого БШКга берүүгө тийиш. «Бул мөөнөттөр БШКнын календардык планында көрсөтүлөт»-, деп белгиледи БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков.

Ал эми таймашка түшүүгө камданып калган негизги партиялар кеминде 100 талапкер көрсөтүшөөрүн билдирүүдө. «Ак жол» партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов талапкерлердин тизмеси жана алар кимдер болоорун курултай чечерин билдирди:

-Курултайда баарын чечебиз. 100 адамдан кем көрсөтпөйбүз. 10-ноябрда курултай болот деп жатабыз. 100 кишиден турган курамда кимдер болоору да ошондо чечилет.

Оппозициялык «Ата мекен» партиясынын тизмесинин башында мурда кабарлангандай Өмүрбек Текебаев турат. Экинчи болуп «Ак шумкар» партиясынын лидери Кубатбек Байболов бармакчы. Эки партиянын жүз талапкеринин тизмеси да ушундай кезметтешкен тартипте кетмекчи. Белгилүү болгондой бул эки партия “Ата мекен” партиясынын аты менен бирдиктүү тизмеде барууну чечкен. Талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Байболов буларды билдирди:

-Жүз талапкерди көрсөтөбүз. Анын элүүсү «Ата мекен», элүүсү «Ак шумкардан» болот. Бирден кийин- бирден кийин көрсөтүп жатабыз.

Ошентип, ноябрь айынын башына карай саясий партиялар курултайларды өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга 18-ноябрга чейин тапшырат.Үгүт иштери 26-ноябрдан тарта башталмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG