Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

ЕВРОПА БИРИМДИГИ МЕНЕН ОРУСИЯ ОРТОСУНДА ЖЫЙЫРМАНЧЫ САММИТ БАШТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 6-октябрда Португалиянын Мафра шаарында Европа Биримдиги менен Орусиянын бийик жолугушуусу өткөрүлөт. Эки тарап ортосундагы кызматташуу келишимин жаңыртуу аракеттери мурда тоскоолдуктарга такалган жана азыр дагы жаңы келишим түзүлөөрү күтүлбөйт. Эксперттердин айтымында, көптөгөн сүйлөшүү өткөрүлгөнү менен, Португалияда орчундуу чечим кабыл алынбайт.

Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы кызматташуу келишиминин мөөнөтү аяктады, бирок анын ордуна жаңы келишим даярдоо аракеттерине былтыр ноябрда Финляндияда жана быйыл май айында Орусиянын Самара шаарында өткөн бийик жолугушууларда Польша вето салган, анткени Маскөө - Польшада өндүрүлгөн этти Орусияга импорттоону токтотуп койгон.

Орус президенти Владимир Путиндин Европа Биримдигиндеги атайын өкүлү Сергей Ястржембскийдин пикиринде, бул таза эки тараптуу маселе: "Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер алар үчүн бир топ сезимтал айрым эки тараптуу маселелерди жогорку деңгээлге көтөрүүдө жана Биримдиктеги 'жалпы тилектештик' дегенден улам, ал маселелер Европа менен Орусия ортосундагы деңгээлге чыгууда. Биз андайга жалпысынан макул эмеспиз", - дейт Ястржембский.

Анткен менен башка да маселелер бар, мисал үчүн Кубат боюнча европалык хартияга кол коюудан Маскөө көптөн бери баш тартып келет, андан тышкары Орусиядагы демократиялык реформалар басаңдап, адам укуктары бузулуп жатканы дагы Европада ар башка деңгээлде катуу сынга алынууда.

Анткен менен Орусиядан келген жаратылыш газы менен мунайга көз каранды болгон европалык мамлекеттер, көптөгөн эксперттин пикиринде, андай сын айтылганы менен, анын экономикалык байланыштарга таасир этпеши үчүн аракеттенүүдө.

Ошол себептен Биримдикке төрагалык кылган Португалиянын тышкы иштер министри Луиш Амаду эки тарап ортосундагы байланыштар жакшы деп жакында билдиргенде, айрым европалык саясатчылар аны катуу сынга алды: "Урматтуу министр, сиз өз сөзүңүздө Биримдик менен Орусия ортосундагы кызматташуу ийгиликтүү өнүгүүдө деп айттыңыз жана, кандай болгондо дагы, байланыштар гезиттерде жазылгандан жакшы дедиңиз. Министр, сиз эмне, Марста жашайсызбы? Же Венерадан түшүп келдиңизби? Эмне үчүн сиз Орусияга чындыкты айтпайсыз? Биздин Европа Биримдиги үчүн демократия менен адам укуктары маанилүү болбой калды беле жана уюм акча менен сооданы гана көздөп калганбы!" - деди бельгиялык депутат Барт Стаэс.

Ошондуктан Португалиядагы саммит эки бөлүк менен өтөт - анын биринчи бөлүгүндө экономикалык жана өзгөчө кубат тармагындагы кызматташуу менен кошо Иран, Жакынкы Чыгыш жана Косово сыяктуу жалпы маселелер талкууланат. Саммиттин экинчи бөлүгүндө болсо демократиялык реформалар, адам укуктарынын бузулушу, Орусиядагы жарандык коомдун абалы тууралуу сөз болот.

Анткен менен Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднердин айтымында, бийик жолугушууда орчундуу чечим кабыл алынбайт: "Менин оюмча, жума күнү өтө турган саммитте байланыштар кандай абалда экени дагы бир жолу текшерилет. Орчундуу маселелер чечилбейт, бирок Биримдиктин учурдагы төрагасы, Португалиянын премьер-министри Жозе Сократеш айткандай, башка тармактардагы сүйлөшүүлөрдө ийгилик болоору күтүлүүдө жана аны менен келечекке негиз түзүлөт", - деп билдирди Ферреро-Валднер саммит алдында.

25-октябрда болсо ошол эле Мафра шаарында европалык жана орусиялык ишкерлердин ири конференциясы болуп өттү.

XS
SM
MD
LG