Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

15:00 Кыргыз илимпоздору Тибетте болушту


Белгилүү этнограф, окумуштуу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, профессор Абылабек Асанканов баштаган, курамына таанымал археолог айым, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева да кирген кыргыз окумуштуулар тобу Кытайда илимий сапарда жүрөт. Жакында бул топ Тибетке барып, байыркы кыргыз-тибет алакаларын, кыргыз-тибет этнографиялык жана маданий жалпылыктары менен айырмачылыктарын иликтешти. Бул тууралуу ушул тапта Кытай эл республикасынын Шинжаң автоном аймагында иликтөөлөрүн улантып жатканын профессор А.Асанканов бүгүн «Азаттык» үналгысына билдирди. Кыргыз кагандары VII-X-кылымдарда Тибет менен ырааттуу дипломатиялык алака жүргүзгөнү тарыхта маалым. Кытайдагы айрым кыргыз уруулары XVII-кылымдан соң бутпарас (буддизм) дининин тибеттик түрү – ламаизмди тутуп калганы тууралуу да маалыматтар бар. Жакында окумуштуу менен курган маегибизди «Азаттыктан» уга аласыздар. (IJz)

XS
SM
MD
LG