Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

15:45 Медициналык академияда бюджеттик даярдоо бөлүмү кайрадан иштеп баштайт


Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 30-октябрда алыскы региондордон жана кичи шаарлардан келген биринчи 30 угуучу менен суроо-жооп өтөт. Министрликтин мындай чечими элет жерде медицина кызматкерлеринин жетишсиздик маселесин жана бүтүрүүчүлөрдүн академияга окууга тапшыруу даярдыгын жакшыртуу максатында кабыл алынды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин билдиргенине караганда, алыскы райондордо өзгөчө амбулатордук деңгээлде жардам көрсөтчү, ооруларды алдын алуу чараларын көрө турган адистер жетишпейт. Акыркы бир жыл ичинде саламаттык сактоонун 600дөн ашуун кызмактери өз жумушун таштап, чет жакка кетти. Академиянын даярдоо бөлүмүнө жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алып, бирок окууга сынак аркылуу өтпөй калгандар тапшыра алышат.(MSu)

XS
SM
MD
LG