Жардыруу Бакуба шаарындагы полициянын машыгуу борборунда жасалган. Бул арада Кербеле шаарындагы коопсуздукка көз салууну америкалык аскерлер Ирак коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп бергени кабарланууда. Премьер-министр Нури аль –Маликинин сөзүнө караганда, декабрь айынын ортосунда Басра шаарындагы коопсуздук маселеси да жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө өтөт.