Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ЛОНДОНДО АЗИЯЛЫК КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ


Ушул тапта Лондон университетинин Чыгыш жана Африка таануу институтунда азиялык тарыхый көргөзмө өтүп жатат. Көптөгөн жылдар бою институт тарабынан чогултулган баалуу табылгаларды адистер жакшы билгени менен, алар көпчүлүккө көрсөтүлгөн эмес.

Жогорку окуу жайлардын өздүк табылгалары сакталган көрсөтмө жайлары жана кампалары болот, бирок Лондондогу аталган институттуку алардын көпчүлүгүнөн айырмаланып турат. 100дөн ашык экспонаттардан турган көргөзмө "Окутуу куралдары – Чыгыш жана Африка таануу институтунун байлыгы" деп аталат.

Көргөзмөдө болгондордун бири, аталган институттун аспиранты Миша Мальцев Британия дүйнөдөгү эң ири жана алдуу-күчтүү империялардын бири болгонун белгилеп, аталган институт кезегинде империянын зор аймактарын башкарган адистерди даярдап турганын билдирди. Ал адистер төгөрөктүн төрт бурчунан ар кыл тарыхый эстеликтерди алып келишчү, ал табылгалардын бир даары алар өздөрү билим алган окуу жайдын кампасына өткөрүлгөн:

- Бурнае галереясында өтүп жаткан экспозиция Британия ар кыл өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда активдүү иш жүргүзгөн мезгилге арналган. Мисалы, ал кезде британдар Кытайдын бажы кызматын көзөмөлдөп турган. Көргөзмөдөн мен мына ошол британ бажы кызматкерлерине тийешелүү болгон оокат-кечектерди, документтерди, сүрөттөрдү көрдүм.

Көргөзмөгө жалпы жонунан 116 экспонат коюлган. Көргөзмөнүн куратору, исламдык исскуство жана архелогия боюнча улук окутуучу, илимдер доктору Анна Контадини кийинки кездери бул экспонаттарды сатып алууга кызыккандар болгондугун, бирок институт ал сунуштарды четке кагып, анын ордуна экспонаттарды көргөзмөгө коюну чечкендигин билдирди.

Экспонаттардын арасында 15-кылымдагы Самарканддан алынып келинген ачык көгүш түстөгү кафел бар. Контадинин айтымында, бул кафелди жасаган усталар атайын техниканы колдонушкан:

- Алар азыр илимде "куерда сека" деп аталган ыкманы ойлоп табышкан. Борбор Азияда 14-кылымдын экинчи жарымында ойлонуп табылган бул ыкмада чопону отко бышыруу мезгилинде боектордун аралашып кетпеши үчүн кургак катмар менен каптоо техникасы колдонулган. Бул кафель ошондой эле кара түскө алтын тамызылган жалбыракчалар менен кооздолгон.

Доктор Контадинин сөзү боюнча көргөзмөдө ошондой эле Осмон империясында, Иранда жана могулдар башкарган Индияда көркөмдөлүп жасалган куран китептери, эки "диван" же ырлар жыйнагы бар. Бул дивандардын бири 1525-жылы Ширазда басылып чыккан, ал эми алтын менен боелгон экинчи том Герат шаарын 1530-1534-жылдары башкарып турган Бахрам Мырза үчүн чыгарылган.

Мындан тышкары 11-кылымда Кытайда түндүк Соң династиясынан калган чопо идиштер, Миң жана Киң династияларынан калган вазалар, Армениядан келген байыркы кол жазмалар бар. Көрөрмандар ошондой эле Суматрадан алынып келинген сыйкыр китебин, Бирмадан келген Будданын алебастрдан жасалган айкелдерин, Кытайдын эң акыркы императору Пуи окутуучусу Сер Региналд Жонстонго белекке берген гүлдүн 10 сүрөтүн да көрө алышат. Жонстон Лондондогу Чыгыш жана Африка таануу институтунда кытай тили боюнча алгачкы мугалим болгон.

Аталган институттун кампасында дагы көптөгөн экспонаттар бар. Азыркы көргөзмөнү коомчулук жакшы кабыл алып жаткандыктан, аны институттун жаңы ачылган атайын жыйнактар галереясына туруктуу жайгаштыруу идеясы айтылууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG