Убактылуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу А. Атамбаев автотранспорт кылмыштарына каршы күрөштү күчөтүү чаралары тууралуу токтомго кол койду. Мындай чечим адамдардын өлүмүнө жана жарадар болушуна, кылмыш жеринен айдоочулар качып кетиши, жол-транспорт кырсыктарынын бетин оперативдүү жана натыйжалуу ачууну жогорулатуу максатында кабыл алынды. Аталган токтом менен жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү зыянга учураган автоунааларды калыбына келтирүү жайларында унааларды кабыл алуунун юридикалык эрежелери бекитилди. Ал эми ички иштер министрлигине өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык иреттөө тапшырылды. (ESu)