Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

ЧЕХИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АРДАКТУУ КОНСУЛДУГУ АЧЫЛДЫ


1-ноябрда Чехиянын борбору Прагада Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Ырасмий салтанатка Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов, элчи Рина Приживойт, дипломаттар, Чехиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, кыргызстандык студенттер менен эмгек мигранттары жана Чех коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Кечеге “Жагалмай” тобу аткарган кыргыздын ыр-күүлөрү шаң берип турду.

Прагада өткөн салтанатты Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов ачты:

- Биз бул жерге өтө сүйүнүчтүү окуяга - Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышына байланыштуу чогулдук.

Орун басар министр Кыргызстан менен Чехия арасындагы кызматташууну жакшыртууда Ардактуу консулдук көпүрө катары болорун айтуу менен, Кыргыз өкмөтү, өзгөчө, экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана Чехияда жашап жаткан кыргызстандыктарын укуктарын коргоодо Ардактуу консул, доктор Петер Немет алгылыктуу иштерди жасайт деген үмүттө экенин билдирди:

- Биз Ардактуу консулдукка, биздин жаңы Ардактуу консулубузга өтө чоң үмүт менен караганыбызды баса белгилеп айткым келет. Эки өлкө арасындагы саясый кызматташууну, өзгөчө, экономикалык кызматташууну өнүктүрүүдө жана Сиздердин өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоодо Консулдуктан чоң иштерди күтөбүз.

10 миллион калктуу Чех Республикасы аянты боюнча Кыргызстандын жарымына жетпегени менен экономикалык жактан ондогон эсе кубаттуу. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында соода 17 пайызга өсүп, Чехиянын соода балансы 3,5 миллиард доллардан ашып кетти.

Кыргызстандын Чехиядагы арактуу консулу, доктор Петер Немет кесиби боюнча адвокат. Андан: "Өз башыңызга кошумча дагы түйшүк топтоп, маяна төлөнбөгөн бул кызматка эмне үчүн макул болдуңуз?" деп сурасам, Немет мырза Кыргызстан менен Чехиянын калкын өз ара жакындатууну жана Кыргызстанда демократиялуу коомду курууга ушинтип өз салымын кошууну каалаганын айтты:

- Ырас, Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу болуу мен үчүн кошмча түйшүк. Бул иштин баарына өз каражатымды жана убактымды жумшайм. Мен ушундай жол менен Кыргызстанга демократиялуу коомду курууга жана Европанын дарбазасын кенен ачууга, эки өлкөнүн калкы соода - экономикалык, маданий жана башка тармактардагы кызматташууга жол салууга жардамдашып, эки улутту бири-бирине жакындатууга жардамдашкым келет.

Прагадагы дипломаттык салтанатка катышуу үчүн Братиславадан ат арытып, Кыргызстандын Словакиядагы Адактуу консулу Тибор Подоба мырза да келген экен. Мырза Подоба Ардактуу консулдукту ачуунун маанисин мындайча түшүндүрдү:

- Буга чейин Мажарстанда жана Словакияда Кыргыз Республиканын Ардактуу консулдары бар эле. Эми Чехияда да Кыргызстан Ардактуу консулдуу болду. Ардактуу консулдар Австриядагы Кыргыз элчилигине – саясый-экономикалык, маданий, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жакшы жардам бере алат. Анткени, элчиликте өтө эле аз адам иштейт. Ал эми жумуш өтө көп.

Чехияда мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен келип иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары эбак эки жүздөн ашкан. Алар түрдүү тармкатарда эмгектенет. Орточо эмгек акы Чехияда азыр 21 400 кронго чукул же 1 миң доллардан анча мынча жогору. Кыргызстандык Гүлсайра Месарошова консулдуктун ачылганына абдан сүйүнүа, эми айрым майда-чүйдө иштер үчүн Венага чапкылабай калам го деген үмүттө.

Прагалык адвокат Мирослава Отченашкова Кыргызстан менен Чехиянын кызматташуусу үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар деген пикирде:

- Кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Ал үчүн ишти баштоо жана эки тарап кызматташчу тармактарды табуу керек. Чехия менен Кыргызстан маданият, билим берүү, укук коргоо, туризм жана башка тармактарда казматташуусу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр бар.

Консулдукту ачуу салатанатына Прагада жашаган кыргыз жамаатынын Жаңыл Жусупжан башындагы «Жагалмай” тобунун кыздары аткарган кыргыз ыр-күүлөрү, бийлери өзгөчө көрк кошуп турду. Кесиптешим Жаңыл жана Керемет Токтобаева “Элкин тоону” аткарганда, коноктор күүгө көшүлүп, мемиреп калды. Атүгүл Эрмек Ибраимов комуз күүсүн угуп, толкуп кеткенин айтты.

Отченашкова айым салтанттуу аземде кыргыздар менен биринчи ирет таанышып, руханий дүйнөсүн кеңейткенине чоң кубанычта экенин жашырбады:

- Менин оюмча, Консулдукту ачуу салтанаты келген элдин баары үчүн, эки жак үчүн да кызыктуу болду. Себеби, чакан концерт биздин дүйнө таанубузду байытты. Мен кыргыздар менен ушундай жагдайда кездеше алганыма абдан сүйүндүм.

Тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов жана элчи Ринна Приживойт салатанаттан соң Чехияда окуган кыргызстандык студенттер менен кездешип, аларга жакшы тилектерин айтып, ата журтка мыкты адис болуп кайтууга чакырды.

XS
SM
MD
LG