Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:38

Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Ташкен жыйынында экономикалык маселелер: чогуу транзит-транспорт системасын түзүү, автожол катнашын жакшыртууга инвестиция тартуу, гидроэнергетикалык ресурстарды чогуу пайдалануу, заманбап байланышка өтүү жайында кеп болду. Бажы тоскоолун жоюп, товарларды ташууга ыңгайлуу шарттар түзүү зарылдыгы белгиленди. Бирок да экономикалык долбоорлордун көбү мүчө өлкөлөрдүн саясий кызыкчылыктарына кайчы келип, кагаз бетинде калган учурлары деле аз эмес.

Бирин-экинин эсепке албаганда авторитардык бийликке таянган катуу кол мамлекеттердин башын бириктирген Шаңкай кызматташуу уюмунун экономикалык долбоорлорунун көпчүлүгү саясий максат-мүдөөлөрдүн садагасына чабылып кетиши биралдын мыйзамченемдүү эле көрүнүш. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев коммунизм менен конфуцийликти ашташтыруу демилгесин көтөрүп чыккан Кытай коммунисттери мүчө өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясына өзгөчө кызыкдар деген пикирде.

- «Конфуцийлик» деген бул эмгектин артыкчылыгы, күжүрмөндүгү, кылдаттыгы. Бул өтө күчтүү нерсе. Ошондуктан биз дагы оозубузду ачып олтурбай, ошол геосаясий окуялардын арасындагы өзгөрүүлөргө өзүбүздү даярдап, өзүбүздүн пейилибизди агартып, анан ошол ишти аткарганга даяр болушубуз керек.

Экономикалык ыкчам өнүгүүгө жетишкен кытайлык коммунисттерден айырмаланып, демократия менен пикирлердин көп түрдүүлүгү шартында базар экономикасын байралтуу аракетин көрүп жаткан постсоветтик Борбор Азия республикаларында андай орток идея, жалпы максат жок. Чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосунда чекара, суу-энергетика проблемалары качан чечилери азырынча белгисиз. Ички базарларды ачып, товарлардын бир өлкөдөн экинчисине эркин ташылышына жетишүү зарылдыгы такай айтылып келатканы менен, андайга ыңгайлуу шарттар түзүлө элек.

Борбор Азия чөлкөмүндө интеграциялык процесстердин ыкчам жүрбөй жатышы, саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде, Өзбекстандын позициясына байланыштуу.

- Көп маселелер чечилбей жатпайбы. Эң чоң маселе – чекара. Мына көрүп жатасыңар, Кыргызстан менен Өзбекстан, Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасы. Бул көбүнчө Өзбекстандын позициясынан улам чечилбей келе жатат.

Ушул эле ойду улап, өзбекстандык саясат таануучу Ташбулат Юлдашев Ташкендеги жыйында экономикалык карым-катнашты өнүктүрүү жайында арбын кеп болгону менен, анын конкрет жыйынтыктары көрүнө электигин белгиледи.

- Жалпысынан бул жыйынга берилген баа этият болууда. Мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча кеп болду. Бирок да анын жыйынтыктары чеке жылытарлык эмес. Документтер көп кабыл алынган, бирок жасалган иш аз. Анын себеби мындай, Шаңкай кызматташуу, ЕврАзЭс уюмдарынын кол коюлган келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн улуттук деңгээлден өйдө турган органы жок.

Экономикалык кызыкчылык демекчи, Кыргызстандын өкмөт башчысы А.Атамбаев Ташкенде «Ош-Сарыташ-Эркештам-Кашкар» автожолун эртелетип, Чоңалай аркылуу Тажикстандан Кашкарга барчу чоңжолду баштоо, анан да Кытайга кетчү темир жол курулушуна Кыргызстан өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгиледи.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев мына ушул долбоорлор ишке ашып кетсе Кыргызстандын экономикалык өз алдынчалыгына ыңгайлуу шарт түзүлүп, дымактуу кошуналарынын кысымынан кутуларын айтты.

- Эгерде темир жол, автоунаа жолдору ШКУ мейкининде иштеп калса, анда Кыргызстанга жанакындай кысымдыкты кыла албай калышат. Экинчи жагынан, ШКУ жагынан энергетикалык консорциум түзүү жөнүндө кеп болууда. Андай болсо биздин энергетика Казакстанды карабай, Өзбекстанды карабай, Орусияны карабай бир энергетикалык аймакка өтүп калмак.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны тереңдетүү демилгеси колдоого алынбай жатышы бул өлкөлөрдүн ортосундагы биртоп экономикалык-саясий маселелердин башы ачылбай келатканына байланыштуу деген пикирде.
XS
SM
MD
LG