Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу-аткаруучу, күүчү, ырчы, обончу Нурак Абдрахманов ар тараптуу, көп жактуу шайыр.

Нурак Абдрахманов! Ал комузду таңшыта черткен чертмекчи-аткаруучу, уккандардын көңүлүн толкуткан күүлөрдү чыгарган күүчү, айтылуу Боогачы баштаган залкар обончулардын мукамдуу ырларын ырдаган ырчы, илхамы келе калганда “Манасты” да күпүлдөтө айта койгон айтуучу. Балалык чагынан шериктеш болгон байыркы аспап-комузду келтире чапкан уста. Ушундай ар тараптуу шыкка бай Абдрахманов 1986-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинин артисти. Бир эле мезгилде Агахан корунун “Устат шакирт” борборунда жаш комузчуларга насаатчы. 2001-жылы ЮНЕСКОнун Самарканд шаарында өткөргөн Бүткүл дүйнөлүк салттуу музыканын сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү. Акыркы 3-4 жылдын аралыгында Нурактын көп кырдуу өнөрү менен Америка , Франция башаган ондогон чет өлкөлүк бейтааныш угуучулар да таанышып, ырахат алышты.

Кечээ эле белгилүү шайыр кутмандуу 60 жашка толду. Ал бул жаштын аралыгында турмуштун ачуусун да, таттуусун да татып, тайгактуу жолдорду басып, таштуу кечүүлөрдү да кечти.

- Нурак мырза мына сен көп кырдуу, ар тараптуу талантсың. Залкар шайырлардын күүлөрүн чертесиң, комуз да чабасың, күү да чыгарасың, айтылуу обончулардын ырларын да ырдайсың, илхамың келе калганда күпүлдөтүп “Манас” да айтып ийесиң. Ушундай ар тараптуу чыгармачылыгыңдын төл башын эмнеден баштадың эле?

- Чыгармачылыгымдын төл башы атамдын мага үйрөткөн чыгармаларынан башталды. Алты жашымдан атам комуз үйрөттү. Кеңеш доорунда атам кулак делип Сөңкөлдүн тоолорунун арасында үңкүрлөрдө, андан кийин адамдар барбаган тоолордун боорлорун казып жер тамдарда жашайт. Ошондой шартта байкем, эжем төрөлүптүр. Кийин кулакчылыктын чуусу азайганда 1946-жылы тоонун боорунан ылдыйлап өндүрүнө түшкөндө жыгач үйдө мен төрөлүпмүн. Айланабыздын баары аскалары асман мелжиген тоолор, карагай чер каптаган жер эле. Өрөөндөрүнүн эки тарабынан Кашкасуу каптын суу деген туп тунук көк кашка агып турар эле. Алыс болгондуктан эч ким келчү эмес. Ошентип, атамдын черткен күүлөрү менен айтып берген жомокторунан таалим алып өстүм.

- Нурак атаңдан алгачкы жолу үйрөнгөн күүң кайсыл күү эле?

- Атам ата баба жотобустун бери келе жаткан күү “Бекарстан” деген күү. Бекарстан деген биздин түпкү атабыз болот. Ошол күүнү үйрөнгөн деп, ошол күүгө катуу басым жасар эле. Менин тегим тээтиги мундуздардан. Мундуздардын көбү түштүктө жашашат. Бекарстан деген түштүктө көп чертилип, көп ырдалат экен. Ал эми түндүктөгү элдер “Бекарстанды” көп билишпейт, көп чертишпейт. Анан ошол атамдын мажбурлоосу менен атам мээме куя бергенден кийин чертип калдым.

- Эми ошол “Бекарстан” күүсүн чертип бересиңби?

- Ооба. Бул күүнүн ырлары да, сөздөрү да бар эле. Бекарстан атабыз калмактын баатыры менен чабышып башын кесип алып, кабакка таштап коет. Ошондо:
Ташыдан ташы ой,
Бекарыстан ташы ой,
Кабакта калды эй
Калмактын башы ой, - деген сөзүн кошо айтып үйрөткөн эле. “Бекарстанды” алты жашыман тартып бүгүнкү күнгө чейин чертип жүрөм. Анан Бекарстан атабыз Мактыш деген сулууга арзып калат экен. Анан экөөнүн сүйлөшүп турган жери деп мындай чертер эле.


- Нурак күү чертүү менен бирге мектепте окуп, ыр да ырдап жүрдүңбү?

- Мектепте окуп жүргөндө “Бекарстанды” баштап күү чертип жүрдүм. Санжырачылардын айтымында Бекарстан атабыз 6 кылымдын инсаны деп аталат. Ал эми бешинчи кылымда Батыш каганынын ордосу Адил дарыянын боюнда болуптур. Совет доорунда Вольга деп аташыптыр. Ага чейин Адил, Итил, Ател деп атап келишкен. Кичи томок, Чоң токмок деген шаарлар болуптур. Азыр да турат. Ошолорду аталарыбыз ырга кошуп ырдар эле. Аталарды укканымды минтип чертип калар эле.
Эдилдин суусу тереңдеп,
Өтө албай турам элеңдеп,
Өткөрүп алсаң болбойбу,
Же көпүрө салып белендеп,
Кичине Токмок, Чоң Токмок,
Сүйгөнүм келет койкоктоп,
Абалтан калган салт экен,
Ашыгын күтүп жол тосмок, - деп ырдар эле. Көрсө тээ атам замандадан бери ырдалып келе жаткан ыр экен.


- Нурак элдик күүлөрдү чертүү, ырдоо менен бирге атактуу шайырлардын күүлөрүнөн да чертесиңби? Чертсең таржымалын айта отуруп чертип берсең?

- Атактуу шайырлардын күүлөрүнүн даректери эски болгондуктан элге жетпей келген. Азыркы чертерим “Музоонун өлүм алдындагы” аттуу күүсү. Бул күү Музоокеден жумгалдык Мурасаалы, Кулманбет деген комузчуулар үйрөнүп калыптыр. Кулмамбеттин шакирти Касымкул деген комузчу бар эле. Ал менин устатым эле. 12-13 жашымда атам Касымкулдан барып үйрөн деп Соңкөлдөн козуну союп, бөктөрүп чаначка кымыздан артып берип жөнөтчү. Мен 40-45 чакырымдагы аралыкты басып Касымкул абамыкына барчу элем. Музоокемдин өлүм алдындагы күүсүн үйрөндүм. Азыркы күндө батыштын музыканттары Музоокенин өлүм алдындагыдай күүлөрдү реквием дешет. Музооокенин өлүм алдындагы күүсү Карамолдо атамдын, Атай абамдын аткаруусунда Каныкейдин:
Эй, атаң Манас өлгөндө
О кулунум Семетей
О, Абыке, Көбөш алты арам,
Алаңдан калган сан дүйнө
Камчыга ченеп бөлгөндө - деген сөзү бар. Ошону Музооке негиз кылып алыптыр. Кийин комузчулар “Музоокенин өлүм алдындагы күүсүн” “Каныкейдин арманы” дешип чертип калыптыр. Ал эми Касымкул абамдын үйрөткөнү мындай эле.


Күү чертилет.

- Нурак алты жашыңдан комуз кармап, кыл тырмап күү чертип жүрүп комузду кандайча чаап калдың?

- Комуз чабышым муктаждыктан келип чыкты. 80-жылдан тартып күү чыгара баштадым. 1983-жылы радионун алтын казынасына “Ата мурасы”, “Соңкөл баяны”, “Улуу тоолор” аттуу күүлөрүмдү жаздырдым. Жакшы эле жазылган. Бирок, ал күүлөр ойдогудай жазылбай калган. Себеби Карамолдо, Ыбарай абаларымдын черткен комуздарынын добушуна салыштырганда меники трактирдин дырылдагы. Ошондуктан күүлөрүмдү Карамолдо, Ыбырай аталарымдын комуздарындай үндүү комуз чаап, радионун алтын казынасына жаздырсам деп, 1983-жылдан тынбай эле жыгач чукуйм. Бирөөлөрдүн чапкан комуздарын карайм. Чет өлкөгө гостролго чыкканда чертме аспаптарды кармалап-сермелеп жүрөм. Мен бүгүнкү күнгө чейин Карамолдо атамдын комуздундай үндүү аспапты көрө элекмин.

- Нуке изденген аспабыңды таптыңбы?

- Дагы эле таба элекмин.

- Нурак элдик жана айтылуу шайырлардын күүлөрүн чертүү, комуз чабуу менен бирге күү да чыгарып жүрөсүң. Алардын ичинен өзгөчө сүйүп черткен күүң болсо таржымалын баяндай отуруп чертип берсең?

- Жакшы болот. Азыркы черте турган күүмдү “Арий менен Тураний” деп атап койдум. Радиого жакшы үндүү аспапка ээ болгондо жаздырам деп жүрөм. Күүмдүн аты шарттуу түрдө коюлган. Улук Пайгамдардын Яфас деген кичүү баласынын Арий, Тураний деген балдары болуптур. Мындан 160 миң жыл мурда дүйнө жүзүн топон суу каптайт. 160 жыл мурда жашаган Арий менен Тураний деген эки бир туугандан тараган экенбиз. Арийден англичандар, немецтер, тажик, ирандар ж.б. тараптыр. Туранийден жапандардан тартып Түркия, Венгрияга ж.б. тукумдашып турабыз. Ошол Арий менен Туранийлердин бири-бирин тааныбай баратканына өз алдынча күүм ар кылуу ой жүгүрткөн элем.
XS
SM
MD
LG