Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

РОССИЯ ОБСЕни ООЗДУКТООНУ КӨЗДӨӨДӨ


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген 56 өлкөнүн тышкы иштер министрлери ушул айдын этегинде Мадридде жыйынга чогулушат. Россия бу саммитте уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун реформалоо сунуштарын талкууга салган жатат. Москва көптөн бери эле уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүү практикасын сындап жүрөт.

Мамлекеттик думанын быйылкы шайлоосуна Россия ОБСЕден болгону 70 байкоочу чакырды,буга кошуп миссиянын мөөнөтүн да чектеди. Уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары кеңсесинин басма сөз катчысы Урдур Гуннарсдоттир бюро биринчи ирет өтө чектелген мүнөздөгү ушундай чакыруу алганын белгилеп, буга чоң өкүнүч билдирген эле. Ошентсе да ОБСЕ Россияга байкоочуларын жөнөтөрүн, мындан башка арга жоктугун ырастады.

Россиядагы мурдагы парламенттик шайлоого уюмдан 450дөй байкоочу чакырылган, алардын асты добуш берүүгө бир жарым ай калганда келишип,саясий өнөктүктүн камылгалары,анын жүрүшү менен кенен-чонон таанышып,жалпы жагдай тууралуу жетерлик маалымдар болушкан. Бу жолу уюмдун байкоочулары Россияда ашып барса эки жума гана боло алат.

Кремл өкүлдөрү быйылкы чечим уюмдун ишиндеги кош стандарт саясатына байланыштуу болду деп түшүндүрүштү. Москва ОБСЕнин байкоочулары экс-совет аймагындагы батышчыл маанайдагы өлкөлөрдө, мисалы, Украинадагы жана Грузиядагы шайлоо кампанияларында жол берилген мүчүлүштүктөргө көз жумуп мамиле жасап, ал эми калган республикаларга калганда өтө кыйкымчылдык кылат жана аларга такай терс баа берип келатат деп эсептейт.

КМШга кирген алты өлкө - Армения,Белоруссия,Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Москванын бул позициясын колдоп, ОБСЕнин демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун жаңыча усулга өткөрүүнү сунуш кылышкан. Бу сунушта бюрону уюмдун туруктуу кеңешине тикелей баш ийдирүү талабы коюлат. Ага ылайык, биринчиден, тигил же бул өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу байкоочулар отчету кеңеште бекитилип, ошондон соң жарыяланышы керек. Кокус отчет талаш-тартыш чыгарса, ага уюмга кирген өлкөлөр вето койгонго укук алганы абзел. Экинчиден, уюмдун бардык өлкөлөрүнө жибериле турган байкоочулар корпусу 50 киши менен чектелүүгө тийиш.

Россия менен анын союздаштары колдоп жаткан бу сунуштар көпчүлүк өлкөлөрдүн каяшасын пайда кылды. Ага карабастан Россия Мадриддеги саммите маселени талкууга койгону жатат.

Мадридде мындан тышкары уюмга төрагалык кылуу милдетин Казакстанга берүү маселеси да сөз болот. Ырасмий Астананы Россия,Борборазия өлкөлөрү сүрөөнгө алышууда. Батыштагы бир катар өлкөлөр, алардын ичинде АКШ 2011-жылга чейин уюмга төрагалык кылганга Казакстан үчүн эртелик кылат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG