Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

БИШКЕКТЕ АВСТРИЯНЫН «КЕЛОМАТ» ДЖАЗ ТОБУ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Үч музыканттан турган «Келомат» джаз тобу 2002-жылы Венада уюшулган. Көркөм өнөрдүн элементтерине негизделген, заманбап авангард стилиндеги джаз музыкаларын ойногон бул топ 2003-жылы «Австрияда өткөн эл аралык джаз фестивалында көрүүчүлөрдүн арзуусуна татып, жеңүүчү деп табылган.

Буга чейин музыканттар Нью-Йорк, Вашингтон, Лондон, Санкт-Петербург жана башка бир катар шаарларда концерт уюштурушкан. Ал эми Борбор Азияга биринчи ирет келишүүдө. Концерт улуттук опера жана балет театрында өтөт. Анда жалаң мен жазган музыкалар ойнолот деп билдирди топтун жетекчиси саксофонист Вольфганг Шифтнер.

-Музыка күйөрмандарына менин автордук чыгармаларым тартууланат. Ошондой эле сөзсүз импровизация да болуп, ойнолгон чыгармалар сөзсүз ар кайсы стилдеги, жаңы тенденциядагы музыкалардын таасиринде жаралмакчы.

Концертке келген көрүүчүлөр бир эле сырттан келген музыканттардын өнөрлөрүнө күбө болбостон кыргыз джаз өнөрпоздорунун музыкаларынан тыңдашат.Бул маданий иш-чараны Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык, Хусейин Муктаров атындагы музыкалык театр уюштурууда.

Мындай иш-чара Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүүдө. Буга чейин эки жолу уюштурганбыз. Менин оюмча джаз кечелери кыргыз музыка күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт деген ойдо Кыргызстандагы джаз фестивалынын уюштуруу комитетинин башчысы Каныкей Муктарова. Ал эми Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын төрагасы Ханспеттер Мааг мырза бул маданий иш-чара аркылуу достук мамилелер, карым-катыш да бекемделет деген пикирде.

-Биздин башкармалык «көркөм өнөр жана маданият» долбоорунун алкагында, жергиликтүү музыканттардын чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү үчүн бир катар аракеттерди көрүп келет. Анын ичинде Кыргызстанда джаз музыкасын өнүктүрүү максатында жылына фестивалдарды уюштуруп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз ушундай иш-чаралар аркылуу улуттар арасындагы алаканы чыңдоо.

Фестивалды уюштуруучулардын айтымында эми мындан ары Кыргызстанда джаз музыкасына арналган иш-чаралар байма-бай өтүп турат. Тактап айтканда декабрь айында Америкадан Джойл Мартин аттуу белгилүү музыканттын келеери күтүлүүдө. Ал эми келерки жылдын апрель айында үчүнчү эл аралык джаз фестивалы өтмөкчү.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG