Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

14:10 КМШнын Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев Кыргызстанга келди


Сергей Лебедевди бүгүн кечинде мамлекет башчы Курманбек Бакиев кабыл алат. Жолугушууда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу, мөөнөтсүз парламенттик шайлоого карата КМШнын байкоочулар миссиясын ачуу маселеси каралып, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн транспорт саясатына да көңүл бурулушу күтүлүүдө. КМШнын Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эднан Карабаев, БШКнын төрайымы Клара Кабилова менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Лебедевдин иш сапары 10-ноябрга чейин уланат. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Тажикстанда өткөн КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында Сергей Лебедев КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Мурда бул кызматты Владимир Рушайло аркалап келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG