21-декабрдан баштап, Чех жумурияты, Балтиялык үч өлкө, Малта, Венгрия, Польша, Словакия жана Словения Евробиримдиктин калган өлкөлөрү менен чек арасын ачат. Бул өлкөлөр менен кошо 2004-жылы биримдикке кошулган Кипр бул зонага кошулууну бир жылга кечеңдетүүнү суранган.