Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

БХУТТО ПРЕЗИДЕНТ МУШАРРАФКА АРМИЯНЫН БАШКЫ КОМАНДАЧЫЛЫГЫНАН БАШ ТАРТУУГА ҮЧ КҮН БЕРДИ


Жекшемби күнү Пакистандын президенти Первез Мушарраф парламенттик шайлоо келерки жылдын 9- январына чейин өткөрүлөт деп билдирди. Бул кадамды оппозиция лидерлеринин бири, экс- премьер Беназир Бхутто чукул кырдаал абалына каршы жалпы улутту жүрүшкө чакырып, генерал Мушаррафтын үч күн ичинде армиянын баш командачылыгынан баш тартуусун талап кылды. Эки жума илгери Пакистанда киргизилген өзгөчө кырдаал абалы качан токтотулат, белгисиз. Катаал чарага удаа оппозициянын жүздөгөн мүчөлөрү камакка алынып, жыйындарды өткөрүүгө жана айрым бейөкмөттүк маалымат каражаттарына тыюу салынган.

Пакистан оппозициясы өзгөчө кырдаал шартында парламенттик жана провинциалдык ассамблеяларга шайлоо эркин жана калыс өтпөйт деп санайт. Пакистан элдик партиясынын лидери, экс- премьер- министр Беназир Бхутто шайлоо мөөнөтүнүн жарыяланганын оң жышаан деп атап, Первез Мушаррафтын үч күн арасында башкы командачылыктан кетүүсүн талап кылды:

-Шайлоо мөөнөтүнүн жарыялануусу кырдаалды оң нукта өнүктүрөт деген пикирдебиз. Ошол эле учурда, башмыйзамдын 44-беренесине ылайык, генерал Мушарраф 15-ноябрга чейин армиянын башкы командачылыгынан кетиш керек деп эсептейбиз. Себеби, өкмөт азыр Мушаррафтын президент шайланганы суроо жаратса, ал армиянын башчылыгынан кетпейт деп айтууда.

Беназир Бхутто дүйшөмбү күнү өлкө калкына кайрылып, чукул кырдаал абалын киргизүүгө каршы автожүрүшкө кошулууга чакырды. Автожүрүш шейшемби күнү Лахордо башталып, байтак шаар Исламабдда аякташ керек.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс генерал Мушаррафтын 9-январга чейин шайлоо өткөрүү планын колдоп, ошол эле учурда аны өзгөчө кырдаал абалын “мүмкүн болушунча тезирээк” токтотууга чакырды.

Первез Мушарраф 11-нобрдагы пресс- конференцияда чукул кырдаал качан алына турганын, көзкарандысыз телеканалдардын ишмердүүлүгүнө качан кайра уруксат берилерин айткан жок. Бирок кийинки эки жумада камалган 2,5 миңдей саясатчы абактан чыгарылат деп, чукул кырдаал- шайлоонун тынч өткөрүү үчүн зарыл экенин белгиледи:

-Арийне, өзгөчө кырдаал Пакистанда тынчтык болушу үчүн жана шайлоо үчүн тийиштүү шартты камсыздоого керек.

Үстүбүздөгү жумада Первез Мушаррафтын бийлик мөөнөтү ырасмий түрдө аяктап, парламент жаңы шайлоого чейин таркатылат. Оппозициянын талабына карабай генерал Мушарраф куралдуу күчтөрдүн башкы командачылыгынан баш тартпай жатат. Талдоочулар- Мушарраф башкы командачылыктан баш тартса, бийлиги олуттуу чектелип калгандыктан, андай кадамга барбайт деп боолгошот.

Көпчүлүк оппозициялык партиялар менен Батыш дипломаттарынын пикиринде, Мушарраф парламенттик шайлоо өткөрүлөт деп жарыялап, элди жоошутуунун амалын кылды. Себеби, ишемби күнү өкмөт мындан ары аскерий сот жарандарды соттой турганын билдирген. Мындай тартип Пакистанда 1977- 88- жылдары Зия ул-Хактын аскерий бийлиги тушунда акыркы жолу колдонулган.

XS
SM
MD
LG