Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

13:15 Дүйнө чемпиону, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев орус бильярды боюнча «Галактиканын кубогу» эларалык турниринин жеңүүчүсү болду


Орусиянын Челябински шаарында орус бильярды боюнча «Галактиканын кубогу» эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Ага беш өлкөнүн 140 оюнчусу катышып, мөрөй талашты. Мелдештердин баш байгесин орус бильярды боюнча дүйнөнүн чемпиону кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жеңип алды. Ага сыйлык катары 180 миң рубль жана Кубок тапшырылды . Турнирге дүйнөнүн төрт чемпиону, 11 эл аралык спорт чебери жана башка даңазалуу спортчулар катышты. Бул мелдеш Орусиядагы эң көп-миллион рублдик байге фондусу менен белгилүү болгондуктан аны утуп алууну көздөп Орусиянын 52 ири шаарларынын өкүлдөрү аракет кылышты. Орусиянын эки жолку чемпиону Андрей Фрейзе финалда Каныбек Сагынбаевден жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынды. (KMa)

XS
SM
MD
LG