Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

КЫРГЫЗСТАНДА КАПИТАЛИЗМДИ КИМ КУРАТ?


1992-жылы Кыргызстан мындан ары өлкөдө курарын ырасмий түрдө жар салган. Андан бери 15 жыл өттү. Капитализм кура алдыкпы? Кура алсак кандай капитализм курдук? Мына ушул суроого жооп издеген «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити айрым атуулдарга кайрылган. Көзкарандысыз социологоиялык изилдөөлөр борборунун деректири Раиса Полякованын айтымында, К.Маркстын аныктамасы боюнча алганда Кыргызстан капитализмде эле эмес суперкапитализмде жашап жатат, бирок чыныгы капитализмди куруу үчүн үч шарт керек, 1-ден-- улуттун өнөржайын түзүү, 2-ден—демократияны коомдун жашоо-турмушуна кийирүү, 3-дөн—коомдо моралдуулуктун, анын ичинде эмгек моралынын сакталышын камсыз кылуу болуп саналат. Тилеккке каршы өлкөдө үчөө тең жок. Кандай гана капитализм болбосун өзүнүн алгачкы баскычында кылмыш менен аралаш жашайт… 15 жыл ичинде жогоруда мисал кылган үч тармактын баары деградацияланды. «Феникс» анализдөө борборунун эксперти Муса Валиев, капитализмдин жоктугу элдин жакырдыгында жана демократиянын болбогондугунда жатканын, ал эми жогору жактагы байып алгандар олтурган ордуларынан шыпырып таштайт деп элди байлык менен бийликке жеткиргенден коркушарын, анын үстүнө кызматтарда дагы эле илгерки партиялык –советтик функционерлер иштеп атканын белгилесе, социолог Азамат Касымалиевдин ою боюнча 92-жылдары Кыргызстанда капитализмди куруу кеч болсо, азыр аны куруу андан да кеч болуп калды. Анткени дүйнөдөгү кудуреттүү өлкөлөр жанындагы бечера өлкөлөрдүн ирденишине, капитализмди каалагандай куруп алышына эч качан оңой-олтоң эле жол бере койбойт. Алар мындай өлүмсүк өлкөлөрдү ар дайым өзүлөрү үчүн чийки заттардысыгып алып туруучу «база» катары кармап турат. Анын үстүнө 15 жылдан берки жүргүзүлүп келаткан реформа сөрөйлөр элдин укуктук аң-сезимин такыр эле бузуп таштаган. Ошондуктан Кыргызстанда калктын 40 пайызы эң жакыр жашайт, жашоонун орточо деңгээли 20 пайызга төмөн… Медициналык, пенсиялык, социалдык тармактардын баары кыйраган.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып бараткан ар бир талапкердин мандат алуу үчүн корото турган акчасынын көлөмү 1 миллион сом турарын кабарлады.

«Дело №…» гезити акыркы кездери Чолпон Баекова кыргыз коомчулугун таңкалтыруудан тажабай калганын, президент К.Бакиев референдумдун болуп көрбөгөндөй жеңишине арнап салтанаттуу кабыл алуу уюштурганда президентке кайрылгандардын баары эле «Урматтуу президент мырза» деп сүйлөшсө, Баекова сөз алып катышуучуларга: «Улуу урматтуу президент мырза» деп кайрылуу керектигин, ушунда туура болорун, анткени Конституцияда ушинтип жазылып турганын эскертип, бул сөзү менен Чолпон айым өзүнө чейинки ашкере жагымпоздор менен ашынган кошоматчыларды да жолго таштаганын баяндайт. Бул айым,- деп андан ары улайт гезит дагы бир макаласында,- кыргыз сотторунун былтыркы курултайында, «соттор партиялар менен коомдук бирикмелерди материалдык жана башка жолдор менен колдобойт, ошондой эле өзүнүн саясый көз карашын эл алдында блдирүүгө укугу жок» деп бадырайып жазылганына карабастан «Ак жол» партиясына өтүп алып, шайлоого аттанганын юрист Гүлнара Искакова Баекованын эл алдындагы антын бузгандыгы катары баалады, анан калса кантип эле Кыргызстанда эң билимдүү юрист деп эсептелген Баекова ушунун баарын билбей калсын? Эгер өлконүн эң башкы судьясы конституциялык эрежелерди аткарбаса анда бул деген конституциялык түзүлүштүн жана мыйзамдардын жогору жактан бузулушу жана аткарылбай тургандыгы дегенди түшүндүрөт деп кошумчалады.

Мындан тышкары Улуттук коопсуздук кызматы А.Атамбаевдин 5 ай мурдагы «мени кабинетимден уулантышты» дегенин жакында жокко чыгарганын комментарийлеп, мындай чечим сасый чырга коюлган оттун тутанышы болорун, буга карата өкмөт башчысынын партиялашы Эдил Байсалов дароо эле нааразы пикирин билдирип, мындай чечим шайлоо алдында Атамбаевдын кадыр-баркын кетирүү үчүн чет өлкөлүк саясый технологдордун шилтемеси менен жасалды деп чыкканын, ошол эл учурда премьер-министрдин басма сөз кызматы Атамбаевдин чындап эле ууланган далилин элге жарыя кыларын жар салганын, бирок атайын кызмат Атамбаевдин бир стакан суудан уугуп калганын төгүнгө чыгарып салганын, эми сыягы Атамбаев менен Бакиевдин жолу ушундан тартып эки айрылыш жолго түштү окшоду деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG