Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

“АК ЖОЛГО” БАРДЫК ЖЕРДЕ АЧЫК ЖОЛБУ?


“Ак Жол” партиясы парламенттик шайлоого үгүт ишин мөөнөтүнөн мурда баштап, мыйзам бузду деген доомат арыз менен “Ата Mекен” партиясы бир нече күн мурун Борбордук Шайлоо Комиссиясына кайрылган. Буга 27-октябрь күнү Алатоо аянтында өткөрүлгөн концерт себеп болууда. “Ата Мекен” партиясынын арызы боюнча БШК мүчөлөрү эки ача пикирде. Айрымдары партиядан арыз келип түшкөндүгү тууралуу таптакыр кабардар болушпаганын билдиришсе, кээ бирөөлөрү доо арыз негизсиз деген пикирде.

27-октябрда Алатоо аянтында Конституциянын кабыл алынышына арналган чоң концертин уюштурулган. Анда “Ак жол” партиясынын аты жазылган жана энбелгиси тартылган желекчелер, шарфтар концертти кооздоп, партия тууралуу маалымат баракчалары таратылган.

Бул ачыктан-ачык партияны үгүттөө жана мыйзам бузуу болду деген пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 31-октябрда “Азаттык” үналгысына билдирген эле:

-Мыйзам тыюу салганына карабастан президент өзү баш болуп, борбордук аянтта “Ак жол” партиясынын атынан чоң концерт берип, баракчаларды таратты. Мунун өзү мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет, -деген Өмүрбек Текебаев.

Көп өтпөй “Ата мекен” партиясы президент тарабынан Алатоо аянтында өткөрүлгөн иш-чара “Ак жол” партиясын үгүттөө максатында жасалды деп белгилеп, мыйзам бузгандыгы үчүн партияны жоопко тартуу же шайлоого ат салышуудан алып түшүү тууралуу арыз менен БШКга кайрылган.

Бирок доо арыз БШКнын жалпы жыйынында талкууга коюлган эмес. Мына ушундан улам “Ата мекен” партиясы БШКнын кайдыгер мамилеси үчүн чара колдонуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокурордун 1-орун басары Сумар Насиза 12-ноябрь күнү айрым маалымат каражаттарына БШК тарабынан “Ак жол” саясий партиясына расмий түрдө эскертүү берилгендигин, анын бир нускасы Башкы прокуратурага келип түшкөндүгүн кабарлады. Бул БШКнын мүчөлөрүнүн арасында нааразылыкты жаратууда. Комиссия мүчөлөрүнүн бири Жаркын Бапанова мындай маселе жалпы БШКнын отурумунда каралып, чечим кабыл алынууга тийиш деген пикирин “Азаттыкка” айтты. Анын оюн БШКнын дагы бир мүчөсү Акылбек Сариев кубаттап, “Ата мекен” партиясынан “Ак жол” партиясынын аракеттерине карата арыз келип түшкөнүн чынында эле комиссия мүчөлөрү билбестигин билдирди. Анын айтымында, иш жүзүндө “Ак жол” партиясынын 29-октябрда Алатоо аянтында уюштурган концерти үгүт болуп саналат, буга болсо мыйзам жол бербейт:

-Эгер партия шайлоого бара турган ниети болсо, анда мындай иштерди этияттап, шайлоо кодексинин ченемдерине жараша жасоого тийиш. Кодексте так жазылып турат: шайлоо күнү аныкталган күндөн тартып, үгүт иштерин жүргүзүүгө эчкимдин акысы жок. “Ата Мекен” же башка партиядан БШКнын дарегине арыз кат келип түшкөнүн комиссия мүчөлөрүнө кабарланган эмес. Бул милдет түздөн-түз БШК жетекчилигинин милдети. Демек, бул –төрагабыз мыйзамды аткарбай, одоно бузуп, ичара иш кылып жатканынын белгиси, деп эсептеймин.

БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев комиссия мүчөлөрү же жумушчу топ жалпы БШКнын атынан сүйлөөгө акысы жок деп баса белгиледи.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары БШКнын дагы бир мүчөсү Гуля Рыскулова “Ата Мекен” партиясынын арызы каралган, доо арыз негизсиз деген сөзүн жарыялаган. Гуля Рыскулова кечээ “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын арызы жумушчу топто каралган, эми БШКнын отурумуна алып чыгууга даярдалып жатат деген сөзүн айтып, баары бир мыйзам боюнча “Ата Мекен” партиясынын доо арызы негизсиз, анткени үгүт ишин жүргүзүүгө шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар партиялык тизмени берген күндөн тарта тыюу салынат дейт:

-Сиздин партия талапкерлеринин тизмесин берип, шайлоого катышары тууралуу расмий түрдө билдирген убактан тартып, партия шайлоого байланыштуу жана үгүттөө мүнөзүн камтыган ишмердүүлүгүн токтотууга тийиш. Ал эми “Ак жол” партиясына үгүт ишин жүргүзүүгө 10-ноябрдан тарта, алар партиялык тизмени БШКга берген күндөн тарта тыюу салынды. Ага чейин БШК алардын кандайдыр бир партиялык иш-чара өткөрүүсүнө каршы боло албайт.

“Ак жол” партиясы шайлоого катышары тууралуу расмий билдиргенден кийин деле жер-жерлерде тике жана кыйыр үгүт жүргүзүп жаткандыгы тууралуу нааразы кептер айтылып келүүдө. Мындай нааразылыктар Ош, Жалалабат жана Баткен аймактарындагы “Азаттыктын” кабарчыларына келип түшүүдө. Кечээ Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Баткенде “Ак жол” жана социал-демократтар партиясы үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Бийликке ыктаган айрым саясий партиялар мөөнөтүнөн мурда үгүт ишин баштады деген тынчсыздануусун ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгү да бүгүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG