Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

10:51 “Диктатурага жок де” акциясынын катышуучуларынын үстүнөн сот жараяны бүгүн да уланат


Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 10-ноябрдагы жыйындын уюштуруучусу М. Кулешовго административдик айып тагуу боюнча сот жараяны бүгүн кечинде Биринчи май райондук сотунда өтөт. Айыпталуучулардын коомдук корогоочусу А. Абдрасулова бул ишти карап жаткан эки судьяга К. Сулаймановго жана Молдобаевге ишенбестик көргөзүп, Кулешовдун ишин кароодон кайра чакыртып алууну суранууда. Анын айтымында, бул жерде эки судьянын жеке кызыкчылыктары бар."Алар өздөрүнүн жүзүн сактап калуу үчүн адилет чечим чыгырышпайт", дейт укук коргоочу. Кечээ Биринчи май райондук сот “Диктатурага жок де” акциясынын алты катышуучусунуну үчөөнө – Чынара Айтбаевага, Тилек Сыдыковго жана Канатбек Сарымсаковго эскертүү берген. Айыпталуучулар соттун мындай чечимин саясый тапшырма катары кабыл алышты. Жыйындын дагы бир катышуучусу "Жашылдар" партиясынын лидери А. Султангазиеванын ишин сот эртең карайт.(MSu)

XS
SM
MD
LG