Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:01

12:12 БШК айрым ММК шайлоо мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу тиешелүү документтерди сотко өткөрүп бергени жатат


Бул тууралуу бүгүн БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова парламенттик шайлоо учурунда ММКнын ишине арналган “тегерек үстөл” жыйынында билдирди. Анын айтымында, БШКна айрым ММКна алар мөөнөтүнөн мурда эле үгүттөө иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу жана Шайлоо кодексинин башка беренелерин бузган фактылар боюнча арыздар түшүп жатат.“Биз “Бешинчи каналга” карата чара көрүүбүз тийиш”, дейт Г. Рыскулова. Ал ошондой эле “Тазар” интернет-сайты жана “Де-факто” гезити тарабынан мыйзам бузуулар байкалганын кошумчалады. Ал эми “Бешинчи каналдын” жетекчиси Оксана Малеванная БШКнын мындай айыптоолорун четке какты. Ал шайлоого байланышкан маалыматтар бейтарап берилип жаткандыгын белгиледи. Малеваннаянын айтымында, мындан бир күн мурун канал аркылуу партиялардын тизмеси, андагы гендердик теңчилик тууралуу аналитикалык материал кеткен. “Ар бир шайлоочу кайсы партияга, кимге добуш берип жаткандыгын билүүгө укуктуу. Эгерде муну БШК үгүт деп түшүнсө, анда алар өз ишин билбегендик деп баалайм. Шайлоо тууралуу элге маалымат берип жаткандыгыбыз үчүн, бир четинен алардын жумушун аткарып жаткандыгыбыз үчүн БШК массалык маалымат каражаттарына рахмат айтышы керек. Керек болсо биздин да БШКга дооматтарыбыз бар”, дейт О. Малеванная “Азаттыкка”
Учурда “Бешинчи каналдын” юристтери каналдын кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн БШКны сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатат. (MSu)

XS
SM
MD
LG