Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

ОРУСИЯ-ГЕРМАНИЯ АВИАКАТТАМ ЧАТАГЫ УБАКТЫЛУУ БАСЫЛДЫ


Бейшембиде Москва Германиялык жүк ташуучу самолеттун Орусия аркылуу учуп өтүшүнө уруксат бербей, учак кайра Берлинге барып конууга аргасыз болду. Германиянын аскердик аба күчтөрүнө караштуу учак Өзбекстандагы Термез аба базасына бараткан эле. Ушул эле күнү чатакты Москва менен Берлин талкуулап, убактылуу чечим кабыл алынганы жарыяланды. Эксперттер окуя – Орусия менен Евробиримдик ортосундагы чоң экономикалык талаштын уландысы деп эсептешет.

Орусия менен Евробиримдик ушул аптада Москвада авиация маселелери боюнча саммит өткөрүп, Азияны көздөй бараткан Европалык учактардын ортодо Орусияга төлөй турган транзиттик акысы өңдүү маселелерди талкуулашмак. Бирок жыйынга аз калганда Орусия өз аба мейкиндиги аркылуу Германиялык жүк ташуучу учактардын ары-бери катташына тыюу салып, жыйын белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды.

Москва - өткөн айдын аягында Германиялык Люфтганза компаниясы Казакстандын башкалаасы Астанада өткөөл логистикалык түйүн орнотуп, ошол жерден кара май куйдурганына нааразы болуп, андай түйүн Сибирдеги Красноярск шаарында курулушун каалай турганын ачык айткан. Люфтганза компаниясы Сибирде аба-ырай шарттары татаал экенине шылтоолоп, ал сунушту четке какканда минтип Москва немец учактарын артка кайтара баштады.

Бирок бул жалаң экономикалык, же энергетикалык эмес, саясий да талаштын кесепети дегендер да жок эмес. Маселен, Америкалык Маршалл корунун Берлиндеги кеңсесинин эксперти Жорж Химмелрейх кантсе да бул окуя Орусиянын тышкы саясатындагы айрым өзгөрүүлөрдүн белгиси деп эсептейт:

-Менимче, бул Евробиримдиктин жүрөк толтосу саналган Германия үчүн кызыктуу тажрыйба, анткени Орусия менен дурус мамиледе экенин кайталап келаткан Берлин да минтип бутага алынып отурат. Бул кантсе да, Орусиянын Евробиримдик багытындагы саясаты өзгөргөнүнүн, негизи тышкы саясатындагы жаңы багыттын жышааны деп эсептейм, - дейт Берлиндик эксперт.

Ушу тапта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусиянын аба мейкиндигин пайдаланганы үчүн жылына 300 миллион евродой акча төлөшөт экен. Брюссель – авиациялык транзит төлөмдөрүн азайтса, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу аракетине колдоо билдирээрин кыйытып келатат. Москва албетте, немец учактарынын жолун тосо берсе, Берлин менен саясий алакаларга зыян келтирээрин түшүнөт.

Анысы кандай, бир нече саат мурдараак Орусиянын транспорт министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигин Германиялык жүк ташуучу учактар үчүн 15-февралга дейре кайра ачканын билдирди. Ага чейин эки тарап сүйлөшүүлөр өткөрүп, ортодогу талаштуу маселелерди чечиши керек, - дейт Москва. Бул талаш, албетте, соңку кездери Германия тыгыз кызматташтык мамилелерин орнотуу аракетин күчөтө баштаган Борбор Азияга да пайда алып келбейт. Германиянын Өзбекстандагы аба базасы, Люфтганза компаниясынын Астанадагы логистикалык түйүнү – Берлиндин чөлкөмдөгү ошол саясатынын бир бөлүгү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG